160га жакын кыргызстандык Египеттен Алматы аркылуу өз өлкөсүнө келе албай жатат. Бул тууралуу Туризм ассоциациясынын башчысы Эрмек Мырзабеков бүгүн, 19-мартта пресс-конференцияда билдирди.
Анын айтымы боюнча, Бириккен Араб Эмираттардагы, Египеттеги, Шри-Ланкадагы, Индиядагы жана Тайланддагы кыргызстандыктар мекенине келе албай жатышат. Египеттен 160 адам, ал эми калган мамлкеттердеги жарандардын саны такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ