Menu

Фото – Алматы шаарына миң жыл

Бөлүшүү:

Казакстандын Алматы шаары Бишкектен 240 км алыстыкта жайгашкан. Аз убакыттын ичинде мыкты инфраструктура курууга жетишти. Ар бир кыргызстандык бул шаарды сөзсүз көрүшү керек. Мен өткөн жумада аталган шаарда өткөн “Бастау” кинофестивалына барып көрүп келдим.

Аянты: 683

Калкы: 1,6 млн. адам (Казакстандын жалпы жашоочуларынын 9% түзөт)

Деңиз денгээлинен 500-1700 метр бийиктикте жайгашкан.

Алматы — Борбор Азияда алдыңкы орунда турган Казакстандын эң чоң шаары. Казакстандын экономикалык жана ишкердик борбору тышкы экономикалык операцияларды 150 өлкө менен жүргүзөт.

almaty-354

Алматы деген ат Улуу Жибек Жолу убагында алма бактардын көптүгүнө байланыштуу берилген. Ошондон улам  алма шаардын башкы символу катары сыпатталат.

Ушул жылы Алматы шаары өзүнүн 1000 жылдык мааракесин белгилейт. Тарыхый шаар үчүн маанилүү болгон бул иш-чарага ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк башкы даталардын тизмесине кирген.

X кылымдарда шаар Улуу Жибек Жолун Чыгыш менен Батышты бириктирип турган борбору болгон. Учурунда шаарда соода-сатык өнүгүп, көл өнөрчүлүк гүлдөп турган.

_copy10_copy11_copy12_copy13_copy14_copy15_copy16Алматы эл аралык аэропорту дүйнөнүн 30 мамлекетине жана Казакстандын бардык облусунун борборлоруна рейстерин ачкан.Шаар перспективдүү, динамикалык түрдө өнүгүп жаткан республикалык мааниге ээ.

Мында туристтер убакытты көңүлдүү жана кызыктуу өткөрүшү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Меймандарды меймандос калк мыкты тейлейт. Шаар бийик тоолордун курчоосунда жайгашып, тоолорду багынтууну каалаган жана тоо лыжасына кызыккандарга, жаратылышты сүйүүчүлөргө ылайыкталган.

Алматынын сапаттуу жолдору, мыкты көпүрөлөрү, таза көчөлөрү жана ыңгайлуу транспорттору эсиңизде калат. Алматы метросу 30 жылда курулган. Учурда он станция иштейт. Дүйнөдө эң жаш жер төлө болуп саналат. Шаар тургундары көбүнчө метро менен жол жүрүшөт.

Мында келгенде Казакстандын биринчи президентинин Паркын сөзсүз көрүшүңүз керек. Бул парк президенттин демилгеси менен 2001-жылдан тарта курула баштаган. Жалпы аянты 73 гектарды түзүп, шаар тургундарынын сейилдөө үчүн сүйүктүү жери. Бул жерде Нурсултан Назарбаевдин айкели да тургузулган.

park-prezidenta

Алматы шаарынын эң көрүнүктүү жерлеринин бири Көк-Тебе тоосу. Деңиз деңгээлинен 1100 мерт бийиктикте жайгашкандыктан шаарга кереметтүү панорама ачылат. Бул жакта КМШ боюнча 372 метрди түзгөн эң бийик телемунара орун алган.

Казакстандын спорт чеберлери дал ушул Алматыда машыгууларын өткөрүшөт. 2011-жылы Алматыда VII кышкы Азия оюндары өткөн. Мында казак спортчулары көптөгөн медалдарды багынткан. 2017-жылы Алматыда XXVIII кышкы эл аралык универсиада өткөрүлөт.

medeu

“Медеу” – кышкы спорт оюндарынын бийик тоолуу комплекси. Муз аянтчасы 8500 көрүүчүгө, 3000 муз тебүүчүгө ылайыкталган. Көптөгөн спортчулар рекорддорун дал ушул аянтчада багынткан.

Алматы өлкөнүн маданий борбору болуп саналат. Мында 185ке жакын маданий мекемелер орун алган. Алар: 18 театр, 33 музей, 15 сүрөт галереясы, 22 концерт өткөрүүчү уюм, 17 кинотеатр, 6 эс алуу паркы жана аттракцион, цирк, зоопарк, 32 республикалык жана шаардык китепканалар, 30 улуттук маданий бирикмелер.

Шаарда такси фирмалары саналуу гана. Анткени такси салыгы кымбат болгондуктан көпчүлүк шаар тургундары жол боюна туруп, унааларды тосушат. Эгерде барчу жерлери бир болсо, сөзсүз ала кетишет.

Алматы зоопаркы шаар тургундарынын жана меймандардын эң сүйүктүү жерлеринин бири. Зоопарк 1937-жылдын 7-ноябрында алгачкы көрүүчүлөрүн кабыл алган. Учурда мекемеде 361 кадимки, 5169 экзотикалык жаныбарлар кармалат.

almaty-092

Жалпы Казакстанда 130дан ашуун этнос ынтымакта жашап келишет. Алматы көчөлөрүн бойлой бассаң, интернационал үй-бүлөлөр көп учурайт.

Кыргызстандын жарандары Алматыда 5 күнгө чейин эркин жүрө алышат. Бул убакыт шаардын көрүнүктүү жерлерин кыдырып, жаңы эмоцияларды топтоого жетет. Тамак-ашка, жол киреге, мейманканага болгон баалары кымбат эмес. Бишкектин бааларынан анча айырмаланбайт.

Элвира Акимова

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: