Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен өз ара саясий кызматташтыкты жана соода-экономикалык мамилелерди талкуулады. Бул тууралуу расмий маалымат каражаттары билдиришүүдө. Маалымдалгандай, сүйлөшүүлөр кеңири курамда өткөн.
Назарбаевдин басма сөз кызматынын билдиришинче, казак президентинин Жапонияга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Алардын арасында өлкөлөр ортосундагы «өзгөчө стратегиялык өнөктөштүк тууралуу» биргелешкен билдирүү жана Казакстандын Инвестициялар жана өнүгүүлөр боюнча министрлиги менен Жапониянын Жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум бар.
Ошол эле күнү Назарбаевди Жапониянын императору Акихито кабыл алган. Андан сырткары Казакстандын президенти өлкөнүн тышкы иштер министри Фумио Кисидо менен да жолукту. Эртең Назарбаев Хиросимага барат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ