Menu

Видео – Айбек Мырза Жерүй боюнча Марат Мураталиевди, Кубат Болоткановду жана Данияр Жаныкуловду теледебатка чакырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-мартта активист Айбек Мырза Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Жаманкуловду, М. Бажаевдин Альянс Алтын компаниясынын өкүлү Данияр Жаныкулов жана Өмүрбек Бабановдун тилектеши Кубат Болотканов үчөөнү түз эфирге теледебатка чакырды.

Ал Фейсбуктагы баракчасына видеокайрылуу жүктөп, төмөндөгүдөй деген.

“Менин сиздерге кайрылып жатканымдан себеби, жакында “Талас” телеканалынан Талас облусунун губернатору Марат Мураталиев кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын коргобой, чет мамлекеттик “Альянс Алтын” компаниясынын кызыкчылыгын коргоп, Марат Жаманкулов, Данияр Жаныкулов жана Кубат Болотканов үчөө биригип алып, мага бир тараптуу жалган маалымат таратканы себеп болду. Мен алардын минтип жалган маалымат тараткандарын, өзүнүн кожоюну алдында кошоматчылык жана өзүн көргөзүү аракети деп баалайм. Булар ушул убакытка чейин маселенин чоо-жайын талкуулагандын ордуна интригалар менен элди бөлүп жарып, жалган маалыматтарды таратып жатканы себеп. Аталган үч мырзаны эгерде жигиттик намысы, эркектик абийири болсо, түз эфирде бирдей мөөнөттөгү убакыттарды эске алып, дебатка чакырат элем. Ошол жерден биз өзүбүздүн чындыгыбызды, аргументтердин, документтердин, фактылардын негизинде айталы. Эл өзү кимибиз жалган айтып жатабыз, кимибиз чын айтып жатабыз таразалап алсын” – деди Айбек Мырза.

Мындан сырткары, ал Талас облусундагы “Бакубат Талас” аттуу коомдук фондуна бир топ адамдардан арыздар түшүп жатканын айтып, аларды иликтөөдө коомчулукта маалымат, фактылар болсо Элдик комиссияга берүүнү өтүндү.

“Биз, кудай буйруса Элдик комиссиянын мүчөлөрү ынтымакта, биримдике болуп, ар кандай чагымчыл күчтөрдүн, жеке компания тараптан жүргүзүлүп жаткан интригалардан алыс болсок, Жерүй маселесинин чындыгына, акыйкатына чыгабыз деп толук ишенем” – деп билдирди Айбек Мырза.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: