Menu

Эрдоган жана анын өлүм жазасы

Бөлүшүү:

29-октябрда Жогорку ылдамдыктагы поезддер станциясында чогулган элдин «Өлүм, өлүм, өлүм…» деген ураанына «Коркпогула, жакында, жакында…» деген президент Эрдоган хан сарайындагы кечки тамакка чакырылган журналисттердин кызыгуусуна «Өлүм жазасынын кечиктирилүүсү туура болбойт» деп жооп берди

Үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында Hurriyet сайтынын жазмакерлери Фикрет Била менен Абдулкадыр Селви Таййип Эрдогандын бул сөзүн «өлүм жазасын киргизүү тууралуу тартышууларга чекит койду» деп жорушкан. Журналисттер: «Эрдоган маал-маалы менен митингдерде айтылып келген өлүм жазасын киргизүү тууралуу тартышууларга жооп катары кечки тамагында: «Мен бул иштин кечиктирилиши туура эмес деген ойдомун. Анткени элимдин талабы өтө катуу болуп турат. Өкмөт тараптан бул иш улам-улам айтылып келет. Аны парламентке сунуштарына ишенем. Парламенттен бул иш тиешелүү формада чыгарына да ишенем» деди», – деп жазышкан.

Анча-мынча көз-карандысыздыгын сактап кала алган Hurriyet бул кабарга Эрдогандан «чекит койду» деп жазганынын жөнү бар. Себеби ансыз деле өлкөсүн өз билгениндей калчап келген оппозициясы «сарайдагы зат» деп тергеген Эрдоган, 15-августтагы төңкөрүш аракетинен кийин үч айга өзгөчө кырдаал жарыялап, аны кайра үч ай узартып, өтүгүн кайда илээрин билбей турган учуру.

Бирок таң калычтуусу – Таййип Эрдогандын ар бир сөзүн сенсация кылып берген, анын кол баласы болуп калган өкмөткө жакындыгы менен таанылган (медианын 90%ынан ашыгы) бир да жалпыга маалымдоо каражаты бул тууралуу алигиче кабар бере элек.

Өлүм жазасы коомдук психоздон пайда болду

Өлүм жазасын кайра киргизүү тууралуу тартышуулар ушул жылдын 15-августунда максатына жетпей калган төңкөрүш аракетинен кийин кызыган. Бул аракеттен учурдагы саясий бийлик катуу дүрбөлөңгө түшкөн. Аскердик аракеттен кийин «демократия нөбөтү» деп ар бир түнү таң аткыча митинг өткөрүп, ЖМКлар аркылуу аларды чагылдырганынан улам кошуна коңшусуна, дос жолдошуна, ата баласына, иши ортоктор бирин-бири арыз жазып камата баштаган. Ыйманы тилинде жана кийген кийими менен сакалында гана калган, он миллиондогон жумушсуздары бар түрк коомунун бир бөлүгүн маянасы дайын майлуу-сүттүү мамлекеттик кызмат орундары бошогону гана үмүттөндүрдү окшойт. Камакка алынгандар жүз миңди чапчып, телекөрсөтүү, интернет сайт менен гезиттер күндө ишин али камала элек төңкөрүшчүлөр жөнүндө чала-була далилденгенсиген кабарлар менен баштап, аларды кечкисин талкуулоо менен бүтүрүп келет.

Төңкөрүшчүлөргө өлүм жазасын талап кылуу ушул коомдук психоз атмосферасында пайда болуп, барган сайын күчөп келе жаткан. Ага үстөккө-босток болуп, чала жан калган чыккынчылар экинчи төңкөрүштү уюштурууга даяр деген кабар жайыла баштаган. Өзү төңкөрүшчү аталып калбаш үчүн жан алакетке түшкөн мамлекеттик кызматкерлер бири-биринен аша өлүм жазасын киргизүү керек деп жар салып кирген. Алардын ашынгандары тезирээк өлүм жазасын киргизип, эгер экинчи аскер аракети болсо, далилдүү-далилсизине карабастан камакка алынган 40 миңге жакын жаранын жок кылуу керек деп жиберген.

Түрк бийлиги өлүм жазасын киргизе албайт

Өлүм жазасын киргизүү учурдагы төрт аскердик кийлигишүүнү башынан өткөргөн Түркияда өтө кооптуу. Анткени буга чейинки аскердик төңкөрүштүн биринен кийин он чакты саясатчы дарга асылган. Ар бир аскердик төңкөрүштөн кийин диндарлыгын ачык билгизген адамдар куугунтукка алынган. Учурдагы бийлик болсо, динчилдикти ураан кылып бийликке келген жана коомдун 40 пайызга жакынын түзгөн диний фанатиктердин добушу менен бийликте турат. Ошондуктан түрк бийлиги өзү казган орго өзү түшпөгөнгө аракет кыла баштады.

Эң биринчилерден болуп мындай аракетке учурдагы президенти Рэжжеп Таййип Эрдоган өткөнсүдү. Бул лидердин негизги өзөчөлүгү коомдук сырамжылоолорду күчтүү пайдалана алганында. 15 жылдан ашык саясий бийликтин чокусунда отурганынын себеби да ошо. Ал 2000-жылдардын башында улутчул болобу же батышчылбы эзилген диндар тайпанын добушу менен бийликке келген. 2011-жылга чейин коомду бөлгөн саясат жүргүзсө да, коомдун бардык тайпасына кучак жайган жүз көрсөтүп келген. Тез бутуна туруп бара жаткан мамлекеттин эсебинен эбегейсиз байлыкка жеткен Эрдоган менен анын жакындарына улам барган сайын биригүү урааны жарашпай калган. Ошондуктан кийинки президенттик же парламенттик шайлоодо кыска мөөнөттүү тактика колдоно баштаган. Маал-маалы менен аскерди, күрддөрдү, социалисттерди жана батышчылдарды жамандап, өзүнө керектүү добушту алып келе берген. 2013-жылдан бери үй-бүлө мүчөлөрү менен министрлеринин арам кекиртектиги ачыкка чыга баштаганда, сырткы жана ички душмандарды бириктирип, элдин үрөйүн учурган душман керек болуп калган. Түркиянын райондук борборлорунан бери билим-тарбия очокторун ачкан Фетхуллах Гүлендин “кызмат” аттуу жамааты душман катары дайындалды. Бул жамааттын дүйнөнүн 170тен ашык өлкөдө Түркиядагыдай мекемелери болгондугу айрыкча ишке жарап берди. Күчтүү маалыматтык чабуулдан соң бул жамаатка «чет элдик тыңчы» кинеси коюлуп, адамдары камалып, мекемелери жабылып, аларды каржылаган ишкерлердин бизнестери тартылып алынды. Өлүм жазасы ошол 80 пайызынан ашыгы жөнөкөй мугалим жана тарбиячы болгон 40 миңге жакын жаранга талап кылынууда.

Бирок Эрдоган менен жакындары өлүм жазасын киргизүүгө батына албайт. Себеби убагында, баарына кучак жайып, бирок кыска мөөнөттүк жана жеке тар кызыкчылыктары үчүн бир сыйра баарын сатып чыккандыктан ичте жана сыртта досу калбай калды. Бир жолу сатып, кийин аргасыздан жарашкан Орусия да булардын оомо саясатынан чочулап турат. Үзөңгүдөн бут тайса, барарга жери да жок. Бир убакта ички иштер министрлеринин бири айткандай «Эшигин талкалап, сүйрөп чыккыла, кийин ошого жараша мыйзам чыгартып алабыз» деп калыптаган укук талаасына өздөрү келип түшөт.

Эрдогандын партиясынын ыркы кеткен учур

Эрдоган тизгинин тартып, өлүм жазасы тууралуу сүйлөгөндөрүн өз телеканалдарына чыгартпай жаткандыгы маанилүү. Демек, зулумдук жетчү жерине чейин жетип, кайтчу маалына келип калдыбы деп үмүттөнөсүң. Эгер өлүм тилектери Эрдогандан башкасы тарабынан чыгартылбай жаткан болсо, бөлүнүү анын санаалаштарына чейин жетти дегендик.

Эки жума мурун жалаң күрттөрдөн турган Түркиянын үчүнчү орунда келе жаткан Калк демократиялык партиясынын (КДП) лидери Селахаттин Демирташтын айтканы да чоң таасир берди көрүнөт. Ал 15-августагы төңкөрүш аракетин Эрдоганга таандык партиянын депутаттарынын жоон тобу алдын ала билгенин айтып чыкты. Эгер сыртынан бекем көрүнгөн Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын (АӨП) депутаттары бири-бирин сата башташса, анда иштин бүткөнү. Парламенттен өтүп аткан «эшик тээп, киши сүйрөмө» мыйзамдарынын баары кан буугандай токтойт. Демирташтын: «Түрмөлөрдө фетхуллахчыларды күнү-түнү кыйкыртып кыйнагандыктан, ууру-кескилерден биздин партияга «уктай албай кыйналдык» деген арыздары келип түшүп атат», – деген сөзү достун да, душмандын да үрөйүн учурат. Өкмөткө жакын Sabah гезитинин сайтында жазылгандай 85 миң 323 киши суракка алынып, Аhaber агенттигинин маалыматына караганда 704 киши күнөөсүн моюндап, миңдеген кишинин камалышына себеп болгон. Акыркы маалыматтар боюнча 36 миң 592 адам капаска солонгон.

Өлүм жазасынан Фетхуллах жана жан-жөкөрлөрү кутулат

Батыш саясаты боюнча адисттердин айтымында, эгер Түркияда өлүм жазасы киргизилсе, түрк бийлиги төңкөрүштү уюштурган деген Америка Кошмо Штаттарында жашап жаткан белгилүү ислам аалымы Фетхуллах Гүлен түрктөргө берилбейт. Мындан сырткары, 26-октябрда Аhaber телеканалына берген маегинде капаста жаткан гүленчилер кутулуп кетиши мүмкүн деген Түркиянын Адилет министри Бекир Боздаг сөзүн: «Себеби «мыйзам артты карай иштебейт» деген универсалдуу укук принциби боюнча, азыр капаста жаткандарга кийин чыгарылчу мыйзамдын өкүмү өтпөйт. Бул биздин конституциябызда да ачык жазылган. Ошондуктан өлүм жазасы үчүн конституцияга өзгөртүү киргизүү шарт. АӨП муну башка партиялар менен бирге ишке ашыруусу керек», – деп жыйынтыктаган.

Ошентип өлүм жазасы тууралуу чечимди Түркияда эч ким өз моюнуна алгысы келбей турган учур. Бирок аны талап кылып аткан 40 пайызга жакын диний фанаттарга эмне деш керек?

Булак: Саресеп

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: