75 жаш курагында Хьюстондо дүйнө салган Өзбекстандын Эл акыны жана мамлекеттик гимндин автору Абдулла Ариповдун сөөгүн учак менен мекенине алып келишет.
Акындын жасаты Нью-Йорктон алгач Москвага жеткирилет, андан соң өзбек өкмөтү бөлгөн атайын учак менен Ташкентке алынып келинет.
Абдулла Ариповду жерге берүү боюнча өкмөттүк деңгээлде атайын комиссия түзүлгөнүн көптөгөн булактар тастыктады. Комиссияны премьер-министрдин орун басары Адхам Икрамов жетектейт.
Ташкенттик журналист Абдурахман Ташановдун айтымында, Икрамов сөөктү алып келүү үчүн АКШдагы өзбек дипломаттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ылайыктуу каттам табуу оор болгондуктан, акындын сөөгүн алгач НЬю-Йорктон Москвага алып келүүнү чечишкен. “Андан кийин өзбек өкмөтүнүн атайын учагы жасатты Москвадан Ташкентке жеткирмей болду. Бейшембиде, 9-ноябрда Ариповдун сөөгү Чигатай көрүстөнүндө жерге берилет”,-деди Ташанов.
Акыркы убакта Ариповдун ден соолугу кескин начарлап кеткен. Буга байланыштуу ал соңку эки айдан бери АКШда дарыланып жүргөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ