Menu

Бүгүн Депутат Өмүрбек Бабанов менен биринчи вице-премьер Мухамедкалый Абулгазиев кайым айтыша кетишти

Бөлүшүү:

“Сооронбай Шарипович, мына жаныңызда 4 вице-премериңиз олтурат, жаныңызда мына Абулгазиев олтурат, сиз менен 7 айдан бери иштеп, экономикага жооп берип келатат. Бул киши тууралу мен көп сөздөрдү угуп жатам, олтурган жеринде депутаттарды көп сөз кылат экен. Мен расмий түрдө Мухамедкалый Дүйшөкеевичке айтып кетем, депутаттарды сындап, ушак сөз айтканча экономика менен иштесеңиз туура болмок да”, – деп билдирди бүгүн, 9-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин отурумунда өкмөттүн жаңы курамын талкуулоо учурунда “Республика-Атажурт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов.

“Мен ойлойм, сиз биринчи вице-премьерге татыктуу эмессиз!  Биринчи вице-премьерге татыктуу эмессиз! Экономикага бир эле премьер-министр жооп бербейт. Сиз жооп бересиз! Бюджеттен биз жанагы 21 миллиард сомду карап чыктык эле “чечем, карайм, көрөм” дедиңиз да ошол бойдон бир да жообуңуз жок. Сооронбай Шарипович, 4 вице-премьериңиз олтурат, эмне иш кылышат булар? Эми Разаков түшүнүктүү, калган үчөөсүнүн бирин кыскартса болот да. Панкратовду же Абулгазиевди кыскартса болот да Сооронбай Шарипович”, – деди Өмүрбек Бабанов.

“Эми, Евразестин маселеси абдан оор болуп жатат Өмүрбек Токтогулович, технический регламентти ошол Панкратов иштеп жатат, көбүнчө ошол жакта болуп жатат, биринчи вице-премьер Абулгазиев экономиканын реалдуу секторун карап жатат, бул да керек, чек ара боюнча Разаков иштеп жатат, ал да керек, анан соцтармактар боюнча вице да керек…  Анан баягы сөздөр боюнча сиз мага айткансыз, вицелер депутаттарды сөз кылып жатыптыр деп, мен айттым Мухамедкалый Дүйшөкеевичке, бул киши антип айткан эмесмин деп жатат. Эгер депутаттар боюнча ошондой сөздөрдү айтканы чын болсо анда туура эмес кылган. Мындан кийин андайлар болбойт”, – деп жооп берди премьер-министрликке талапкер Сооронбай Жээнбеков.

“Сөздүн ачыгы мындай болуп жатат да, өкмөттү Алмаз Шаршенович колдоп жатат, ошонун негизинде кээ бир өкмөт мүчөлөрү эркелеп жатат. Бирок, эркелеп бүткөн убакыт жетип бүттү, чеги келди. Ошодон кийин биз ар бир өкмөт мүчөсүнө фракциядан ишеним көрсөтпөйбүз. Ар бир тантыраган сөзүнө жооп бериши керек. Биз бул жерге ойногону келген жокпуз. Силерге добуш берип ошол жоопкерчиликти биз да мойнубузга алып жатабыз. Ошондуктан Сооронбай Шарипович, чечкиндүү кадамдарга барсаңыз болмок. Мурунку Транспорт министри жаңы келгенде биз суроо бердик эле “ушул киши иштей алабы?” деп. Мына, 7 эле ай иштегенде ага АКС тарабынан коррупция боюнча кылмыш иши ачылды. Ошон үчүн биздин, оппозициянын да сөзүн уксаңыз жакшы болмок эле да”, – деди Өмүрбек Бабанов.

“Өмүрбек Токтогулович, эми баланча минтип айтты деген сөздөн жетекчилер алыс болуш керек деп ойлойм. Эгер факты болсо айткыла, Абулгазиев муну айтыптыр деп, жазып алгандары, тартып алгандары болсо айткыла, и ким айтты ошону да айтып бергиле, сиз менен чогуу кездешейин, кимди эмне деп айтканымды. Менин иштен башка сөзүм жок”, – деп жооп берди Мухамедкалый Абулгазиев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: