Menu

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жыйыны болуп өттү

Бөлүшүү:

2016-жылдын 27-28-октябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйында Судьялар кеңеши күн тартибине коюлган Кыргыз Республикасынын судьяларына байланыштуу арыз даттанууларды кароо, жергиликтүү соттордун судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу боюнча жергиликтүү соттордун төрагаларынын сунуштарын кароо жана башка маселелер каралды.

Эки күн ичинде Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин тартип комиссиясы Кыргыз Республикасынын судьяларына байланыштуу жалпысынан 86 арыз даттанууларды карап чыгып, алардын ичинен 9 судьяга тартип өндүрүшүн козгошту жана бир судьяга оозеки эскертүү беришти. Буга кошумча Судьялар кеңешинин тартип комиссиясы айрым арыз даттануулар боюнча акыркы чечим кабыл алуу үчүн Судьялар кеңешинин кароосуна алып чыгышты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Ош облусунун жергиликтүү сотторунун  судьяларына квалификациялык класстарды  ыйгаруу боюнча сунуштарды карап чыгып, 8 судьяга алгачкы жана кезектеги квалификациялык класстарды ыйгарышты.

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйынынын күн тартибине коюлган негизги маселелерден сырткары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин бир катар маселелери боюнча кайрылуулары каралды. Кыргыз Республикасынын башкы сот приставы – Сот департаментинин директорунун орун басары кызмат ордуна Кудаяров Жылдызбек Үсөновичти дайындоо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору тарабынан Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине сунушталды. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 9-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын башкы сот приставы – Сот департаментинин директорунун орун басары кызмат ордуна Кудаяров Жылдызбек Үсөновичти дайындоого макулдугун беришти.

Сот департаментинин жаңы түзүлгөн Сот приставдары кызматын эске алуу менен Судьялар кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу мамлекеттик органдагы мамлекеттик кызматкерлердин штаттык санын көбөйтүү боюнча сунушу каралды. Аталган маселе боюнча Судьялар кеңеши өз макулдугун беришти.

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Т.Д.Байчаевге карата чыккан Бишкек шаардык сотунун 4 жай аныктамасын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Судьялардын статусу жөнүндө” мыйзамдын 28,29-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесин жетекчиликке алуу менен, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Т.Д.Байчаевге карата мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу тартип чарасын колдонуу боюнча чечим кабыл алышты.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун судьялары: Н.Ашымбеков, К.Абыканов жана Б.Кожомбердиевге карата чыккан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жай аныктамасын карап чыгып, Судьялар кеңеши “Кыргыз Республикасынын Судьяларынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 28,29-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесин жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун судьялары: Н.Ашымбеков, К.Абыканов жана  Б.Кожомбердиевге карата мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу тартип чарасын колдонуу боюнча чечим кабыл алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: