Menu

Фото – Грузиянын ИИМдин патрулдук милициясынын кызматкерлери КР ИИМдин Академиясында

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-август күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясына чет элдик укук коргоо органдарына алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүү максатында Грузиянын ИИМнин патрулдук милиция Департаментинин директорунун орун басары Леван Мачавариани жана Тбилиси шаарынын патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Зураб Рухадзе келишти. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган эксперттер бир жума бою Бишкек шаардык патрулдук милиция кызматына сынактан өтүп, учурда билим алып жаткан талапкерлерине, ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук курамына, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын, ЖКККББнын, Бишкек шаардык жана Чүй областык ИИББнын кызматкерлерине сабак өтүшөт.

Кайрадан түзүлгөн патрулдук милициянын кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 22-июлунан бери ИИМдин Академиясында билим алып жатышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: