Menu

Атамбаев маданият мекемелеринин кызматкерлери үчүн көп батирлүү төрт үйдүн курулушу түшкөн жерге капсула салды

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-ноябрда, маданият мекемелеринин кызматкерлери үчүн көп батирлүү  төрт үйдүн курулушу түшкөн жерге капсула салды. Бул туурасында президенттин расмий сайты билдирет.

Мамлекет башчысы турак жайлар  курулчу жерди кыдырып көрүп, долбоордун башкы планы менен таанышып чыкты.

Президент Алмазбек Атамбаев  маданият чөйрөсүнүн кызматкерлери үчүн үйлөрдүн курулушунун башталышы  абдан маанилүү окуя экендигин айтып,  мындай  социалдык долбоорго мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарыл экендигин баса белгиледи.

Капсуланы салып, Мамлекет башчысы  көп  батирлүү үйлөрдүн курулушун жүргүзүү боюнча бардык жумуштарды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу боюнча тапшырма берди.

Маалымдама:  Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин тапшырмасы менен маданият мекемелеринин кызматкерлери үчүн үйлөрдү курууга 340 миллион сом  бөлүнгөн. Көп кабаттуу 4 турак жай 216 батирге эсептелген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: