Menu

Саламаттыкты сактоо министри болуп турганда Сагинбаева Динара кандай ишке барган?

Бөлүшүү:

Эсиңиздерде болсо, мындан 5 жыл мурун 2013-жыды «Мыйзамдагы ууру» оор кылмыштары үчүн 2006-жылы 16 жылга эркинен ажыратылган Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна анын ден соолугу себеп болгону айтылган. Муну тастыктоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинде атайын адистерден турган топ түзүлүп, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында А.Батукаевдин ак кан илдети (курч лейкоз) менен ооруганы анык деген чечим чыгарган. Ошол кезде аталган министрликтин басма сөз кызматы Азиз Батукаевдин баш сөөгүнүн 457 клеткасы текшерилип, анын 215и жабыр тартканы тастыкталган деген маалымат тараткан. Мындан улам эксперттик топ Азиз Батукаев курч мүнөздөгү ак кан илдети менен ооруйт деген чечимге келишкен. Ага аталган борбордун жетекчиси профессор Макимбетов кол койгон. Бирок бул диагноз туура эмес экендигин дарыгерлерден түңүлгөн көз карандысыз медициналык эксперттик топ кийип аныктаган.

Кечээ жакында Жогорку Кеңештин «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты, ЖАМКтын мурдагы төрагасы Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевди Нарындагы абактан мөөнөтүнөн мурда, мыйзамсыз бошотуу фактысына байланыштуу 2013-жылы 18-июлда козголуп, бирок кийин токтотулган кылмыш ишин кайра жандандырууну кайра талап кылган. Зарылбек Рысалиев Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетишине шарт түзгөн жагдайларды иликтеш үчүн өзүн баш кылып жети саясатчы суракка чакыртылышы керек деп эсептейт.

Буйрук бергендер азыркы учурда анык эле болуп калды. Бирок ошол буйрукту Гиппократтын антын ичкен ошол кездеги Саламаттыкты сактоо министри болуп турган Сагинбаева Динара айымдын жетегиндеги врачтар жасап берген аныктама боюнча Азиз Батукаев эркиндикке чыгып отурат. Бүгүнкү күндө “мыйзамдагы уурунун” боштондукка чыгуусуна түздөн-түз катышы бар Сагинбаева учурда Улуттук госпиталды жетектеп отурганын кандай түшүнсөк болот? Батукаевге байланышкан иштер боюнча ал учурунда жоопко тартылбай жөн гана кызматтан четтетилип бирок дагы да болсо майлуу-сүттүү болгон кызматтарда иштеп келет. Жөн жерден эл арасында ал Батукаевдин «бир тууган эжеси» деген лакапка ээ болуп калбаса керек.

«Курч лейкоз» же «Ак кан» диагнозу кандайча коюлган?

«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин боштондукка чыгуусу ошол кезде коомдо резонансты жаратты. Бул окуя боюнча колго тийген материалдар менен тааныштыра кетүүнү туура көрдүк. Материалдар боюнча 2 жыйынтык каралган. Биринчи жыйынтык депуттаттык топтун чечими менен түзүлгөн медициналык топтун жыйынтыгы:

1- Батукаев А.А.га тиешелүү медициналык-амбулаториялык карта;

2- Стационардык бейтаптын Батукаевге тиешелүү картасы бейтаптын кабыл алынган күнү 24.05.2012, каттоонун акыркы күнү 30.03.2013;

3- документ бейтапгы абактан бошотуу үчүн кабыл алынган жана берилген иш кагаздарынын көчүрмөсү камтылган (16).

Азиз Батукаевди боштондукка чыгаруу процесси алдын ала ойлонуштурулуп, 2 пункт боюнча ишке ашмай болгон. Батукаевдин карындашы Яха 2012-жылдын 27-декабрында ЖАМКнын (ГСИН) полковниги Асанов А.Анын атына кайрылуу кат жазат. Катта Батукаевдин ден соолугуна байланыштуу ага гемодиализ керектигин, бирок абакта мындай шарт болбой жаткандыгын айткан. Бирок анын иш-аракетинен майнап чыкпагандан кийин расмий эмес маалыматтарга ылайык ошондогу Саламаттыкты сактоо министри Сагинбаева Д.Знын көрсөтмөсү менен Улуттук онкологиянын онколог-хирургдарына байланышка чыгат. Алардын операциясынын жыйынтыгында Батукаевдин рак оорусу күчөп, Кыргызстанда операция жасоого болбой тургандыгы, 4-стадиядагы ак кан оорусу деген диагноз менен түрмөдөн бошотулуп, өлкөдөн чыгуу планы болгон.

2012-жылдын декабрь айында Яха Батукаева академик Раимжанов А.Р жана профессор Макимбетовго кайра-кайра кайрылып жатып, жалган «курч лейкоз» диагнозун койдурат. Аталган диагнозго чейин боштондукка чыгуу процесси 2012-жылдын 24-майынан башталган. Батукаев алгачкы жолу №4-ооруканага жаткырылып баштан аяк текшерип ага өнөкөт гепатит, өнөкөт пиелорнефрит диагнозу коюлат. Бирок Яха агасынын олуттуу оруп жатат деп жакшылап сакаюусу үчүн кайра текшерүү керек деп туруп алат. 18-агустта 2012-жылы к.м.н, кардиолог К.К.А текшерип жогорудагы диагнозду тастыктайт. Ал эми 25-сентябрда НООБга дагы бир ирет текшерилүү үчүн чыгарылат. Жогорудагы диагноз тастыкталып эми гепатит С оорусу кошулат. Көп жылдык наркомандык тажрыйбасы бар адамда бул кадимки эле көрүнүш да. Батукаев туугандарынын өтүнүчү менен аялы Елена Тарасова жана карындашы Яха Батукаева менен жогорудагы диагноздор боюнча стационардык дарыланууда чогуу болушат. НООБнун директорунун жана Батукаевди дарылаган врачынын айтымында Батукаевдин аялы Елена Тарасова анын «курч лейкоз» дарты жок экендигин аныктоо үчүн бир нече жолу гематологдун консультациясын алган. Стационардык дарылануу учурунда кылмышкердин канында анемия байкалган. Бул түрмөдө олтурган кезде ошол жердеги молдо ага бир жарым айдын ичинде бир нече жолу хиджама жасап, кан чыгаргандыгы менен түшүндүрүлөт. Бейтаптын айтымында бир жолку кан чыгарууда 5 литрге чейин кан алынган. Бул албетте анемияга алып келиши түшүнүктүү да.

БАТУКАЕВ ҮЧҮН САГИНБАЕВА ЧУКУЛ ТҮРДӨ АТАЙЫН САНАВИАЦИЯ ЖӨНӨТКӨН

Катка кайрылсак, 27-декабрь 2012-жылда ЖАМКнын төрагасынын орун басары полковник К. Байтолоевдин атынан КНЦГнын директоруна кат келет. Каттын мазмунунда Батукаевдин карындашынын кайрылуусу камтылат. Катта Нарын облусттук ооруканасына врач консультантты жиберүүнү өтүнөт. Ушул эле кат менен ошол күнү КНЦГнын директору Раимжановго Яха Батукаева кайрылган. Кызыгы Нарын облусттук ооруканасынын врачтары консультация керек экендигине эч кандай көрсөтмө беришкен эмес. Ошол эле күнү Яха Батукаева КНЦГнын директору Раимжановдун кабыл алуусунда болууга жетишип, кат боюнча врачтардын талкуусунан кийин Батукаевге телефондон консультацияны нөөмөттөгү врач Астапова берет. Ага Нарын облусттук врачтар бекиткен дары-дармекти кабыл алуу сунушталат.

Кийин 2012-жылдын 26-декабрында Батукаевдин карындашы Саламаттыкты Сактоо министри Сагинбаевага кандын анализин алуу тууралуу арызы менен кайрылат. Ушул эле күнү ушул эле кат менен ЖАМКнын полковниги Асанов А.А КНЦГнын директоруна аталган кат боюнча колдоо сурап кайрылган. Карапайым калктын сунушун жылдап угууга алы жетпей келген Саламаттыкты сактоо министри ошол учурда чагылгандай тездик менен иш алып барышкан.

2013-жылдын 27-февралында КНЦГнын төрагасынын орун басары профессор Макимбетов Э.К ошол күнкү санавиация боюнча дежур Эралиева М.Ону чакырып Сагинбаеванын буйругу боюнча Нарындагы бейтап Батукаевге консультация керектегин жана ал жакка жолго чыгуусун айтат. Мындан тышкары анализ үчүн керектүү буюмдарын даярдоого буюрган. Саат 11.20 да аларды ак түстөгү жол тандабас күтүп турган. Эралиеваны Яха Батукаевага нөөмөттөгү врач деп Макимбетов тааныштырган. Алар жолго чыккандан соң түнкү саат 22лерде болжолдолгон дарекке жетишкен. Врач Эралиеванын айтымында Яха жол бою тынбай телефон менен ага түшүнүксүз тилде сүйлөшүп келген жана Макимбетов менен дагы бир нече жолу байланышкан. Жолдо атайы эле адашып кеттик деген шылтоо менен атайын дарекке караңгы киргенде келишкен. Бул да болсо из жашыруунун жолу болгон десек жаңылышпайбыз. Өткөрмө пункттан киришкен соң процедуралык кабинетке Батукаевди формачан адам алып келүүгө ишаарат кылган. Бейтап өз буту менен жакшынакай кирип келип, бутундагы шишиктерге жана мурдунун каноосуна арызданган. Мындан тышкары медициналык байкоодон улам анемиялык синдром, шишик, спленомегалия тастыкталса, амбулатордук карта боюнча анемиясы 1-баскычта, калган көрсөткүчтөр нормада экендиги аныкталган. Врач Эралиева тарабынан алдын ала өнөкөт вирустук гепатит С, минималдык активдүүлугү менен жана анемия диагнозу коюлат. Мындан тышкары «курч лейкоз» дартын аныктоого керектүү анализдер алынат. Анализ тапшырган учурда бейтап өзүн жакшы сезген. Фельдшер Кайкиеванын катышуусунда өткөн процесс ийгиликтүү болуп 4 мазок алынган. Дагы кызыгы аталган процедура амбулатордук картага эмнегедир түшкөн эмес. Кийин периферикалык кан алууда бейтап көп ийне сайынгандыктан кан тамырын табуу кыйынчылыкка туруп натыйжасында 0,5 мл кан алынган жана бейтапка керектүү чаралар көрүлгөн.

28-февралда врач Эралиева саат 11де мээ сөөгүнөн 4 мазок, анализ үчүн пробиркада 0,5 мл өлчөмүндөгү канды лабораториялык диагностиканын бөлүм башчысы Цопова И.А га тапшырган жана Макимбетовго барып келгендиги тууралуу отчет берген. Макимбетов медициналык жыйынтыкты өзү жазып Батукаевдин карындашына тапшыраарын айткан.

Ал эми медициналык эксперттик группа текшергенде врач Эралиеванын сапары каттоо журналына жазылган эмес. Бул жерден Эралиеванын консультацияга келгендиги каттоого кирбей калгандыгы жеке мүнөзгө ээ болуп турат.

Лабораториянын бөлүм башчысы Цопованын берген көрсөтмөсүндө алынып келинген 4 мазоктун 2сү бир боёк менен миелограммага боёлгон. Текшерүүдөн кийин бир мазок жуулуп кетип, экинчиси калган. Калган эки мазоктун бири миелопероксидаз МПО) үчүн, экинчиси гликоген үчүн изилденген. Макимбетовго билдирүү жасоо учурунда ал 2 мазок гана изилденгенин жана анализ үчүн алынган кандын өлчөмү толук эмес деп көрсөтөт.

Эралиевага берилген тапшырма толук кандуу аткарылбаган деген негизде ишти Макимбетовго жиберет. Чын-чынына келгенде Эралиева алып келген анализдер боюнча эч кандай изилдөө, дартты аныктоо процесси болбогондугу айтпасак да белгилүү эмеспи.

2013-жылдын 1-мартында КНЦГнын директорунун орун басары Макимбетов Э.К врач-гематолог Эралиева М.Ону кызматынан четтеткен. Бейтапка баштан аяк карап келе жаткан, гематология жана жүргүзүлгөн анализдердин негизинде жыйынтыктап диагноз коюучу адам Эралиева болуп турганына карабай аны кызматтан алып, анын ордуна өзү Азиз Батукаевге КНЦГнын изилдөөсүнүн негизинде деп «курч лейкоз» (Острый миелобластный лейкоз) диагнозун коет. Диагноздун негизинде онко-гематологиялык борбордо химия-терапиялык дарылоо сунушталат. Аталган аныктаманы (справканы) Батукаевдин карындашы Яханын колуна карматат.

06.03.2013-жыл. КНЦГдан келген Макимбетовдун аныктамасынын (справка) негизинде ИК-47нин башчысы Тойчубекова Ч. С борбордук оорукананын орун басары Насирдинова С.Ж, хирургия бөлүм башчысы Атакунова Д.А, терапия бөлүм башчысы Сариева  Г. А, фельдшер Досалиева Анын катышуусунда көзөмөлдөгү бейтапка «курч лейкоз» же болбосо ак кан диагнозу коюлат. Диагнозду тактоо жана андан кийинки иш аракеттер үчүн бейтап ИК-47ге жөнөтүлөт. Бирок дарылануу Эралиева берген эски көрсөтмөлөр менен гана жүрүп отурат.

14.03.2013- жыл. ЖАМКнын начальниги Рысалиев З.К.га КНЦГ директор Раимжанов А.Р. жана зам.директора Макимбетов кат түрүндө кайрылышкан. Катта аталган диагноз дагы бир ирет такталып, бейтапка Нарында дарылануу үчүн тиешедуу шарт жок деген шылтоо менен аны чукул дарылаш керек деп чыгышат.

15.03.2013- жыл. Бейтаптын абалы начарлап, муруну канайт. Кан аралаш кусат. Бул көрсөтмөнү бейтап өзү берген, бирок далилдөө катары алсак эч ким көргөн эмес.

18.03.2013- жыл. ЖАМКнын жетекчиси Рысалиев З.Кнын колу коюлган №154 буйругу менен 18-мартта бейтапка врачтарды алып келүү буйругу болгон. Бирок тилекке каршы КНЦГнын жетекчилиги каршы болушат. Жогоруда аталган врачтар экинчи ирет бейтапты карап анын дарты боюнча арызын кабыл алышат. Батукаевди Бишкектеги ИК-47 которуу керек деп чыгышкан.

30.03.2013- жыл. СМКнын чыгарган жыйынтыгы 3 барактан туруп, астында комиссиянын мүчөлөрү – полковник Асанов А.А, Бектемиров К.Т., капитан в/с Эсентаев Э. А, ЖАМКнын юридикалык бөлүмүнүн инспектору-лейтенант Узакбаева С.М, врач-терапевт Бегалиев Д.Т. жана врач-фтизиатр, майор в/с Джунушов, секретарь Жапаркулова Д.А. нын чечими менен: «КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген аныктамага ылайык кылмышкер Азиз Батукаев жаза өтөөдөн бошотулушу керек» деген чечим кабыл алынат.

Ошол кезде депуттаттык комиссия түзүлүп, диагнозду экспертизага алышат.

Депутаттык комиссиянын медициналык экспертизасы Батукаевге карата 30-март, 2013-жылы төмөнкүдөй диагноз коет:

Жалпы: 1) өнөкөт вирустук гепатит С, активдүүлүгү төмөн.

2) кан чыгаруунун кесепетинен келип чыккан өнөкөт анемия, темирдин жетишсиздиги.

Кошумча: өнөкөт атрофикалык гастрит, өнөкөт пиелонефрит Ал эми Батукаевдин канынын анализинен анын абалы жакшырганын, анемиядан арылып, гемоглобини көбөйгөнүн байкоого болот эле.

Жыйынтыгында Сагинбаеванын демилгеси менен профессор Макимбетов жана Раимжанов койгон жалган ак кандуулук же болбосо «курч лейкоз» диагнозу жокко чыгарылган. Эки топтун бири-бирине каршы чыккан жыйынтыгына карабай кылмышкер боштондукка чыгып кеткен.

Батукаевдин боштондукка чыгуусун тездеткен дагы бир жагдай КР Саламаттыкты Сактоонун экс министри Сагинбаева Д.З Батукаевдин эч кандай рак оорусуна чалдыкпагандыгы тууралуу депутаттык комиссиянын териштирген жыйынтыгына карабай альтернативдик комиссия түзгөн. Жалган диагнозду тастыктоо үчүн түзүлгөн комиссиянын курамына баягы эле калп диагноз койгон врачтар академик Раимжанов, профессор Макимбетов, врач-лаборант Цопова, зав.каф КГМА Кудайбергенова жана Улуттук хирургия бөлүмүнөн Рачков кирген. Белгилей кетчү жагдай, Кудайбергенова менен Рачков гематологиядан алыс кишилер. Альтернативалык комиссиянын мүчөлөрү бейтапка койгон диагнозунда минтип жазышкан: 26-декабрь, 2012-жыл. «… кандын составында өсүп жетилбеген клеткалардын бар экендиги белгилүү» десе 27-декабрда нормобласттардын | (5:100) бар экендиги анык деп жазышат. Эгер бейтаптын канында чын эле бласттык клеткалар, башкача айтканда лейкоздо кан пайда болуу бузулуп, кан пайда кылуучу органдарда, ошондой эле башка органдарда (бөйрөктө, кан тамыр капталында, нервдерди бойлото, териде жана башкалар) өсүп жетилбеген клетка  элементтери көбөйөт. Жыйынтыгында бейтап дарыланбаса бир нече күндүн ичинде аркы дүйнөгө сапар алмак, Батукаевге окшоп апрелге чейин сопсоо жүрө алмак эмес.

Альтернативалык комиссиянын жыйынтыгы менен Батукаев  бул илдет менен 2012-жылдын декабрь айынан ооруп келген. Медициналык көрсөтмөлөрдө дагы бейтапка аталган диагноз коюлгандан – соң химиялык терапия албаса 2-3 :- жумалык гана өмүрү калат деп так көрсөтүлгөн. Мындан тышкары – мындай диагнозу барлар өзү баса – албай калышат. Батукаев болсо ага  бул диагноз коюлганда басып, а тургай кетээрде керемет дасторкон жайып сайрандап туруп, анан учакка кызыл килем аркылуу өткөнү далил эмей эмне?

Жыйынтыктап айтканда Батукаевдин түрмөдөн боштондукка  чыгуусу алдын ала этап-этап болуп пландалган. Яха Батукаева Сагинбаеванын сунушу менен Гематологиялык борбордун академиги  Раимжанов жана Макимбетов менен алдын ала сүйлөшкөн. Кийин  санавиация менен врач Эралиеваны Нарын шаарына жөнөтөт. Врачтын келээри  менен лаборант жеке өзү анализдин этаптарын бузуп, жыйынтык чыгарып аны Макимбетовго берет. Коомчулук биле жүрчү нерсе, медицина илимдеринин доктору Макимбетов Эмиль Кожошович өзү врачтардын консилиумусуз диагнозду дагы бир жолу тактоонун ордуна шаша-буша 1-мартта «Батукаев ак кандуулук менен жабыркап жатат» деген справканы мыйзамдагы уурунун карындашынын колуна бергенче шашат.

Яха Батукаева колуна тийген аныктаманы Нарын колониясына алып келет. Эгер Сагинбаева башында туруп, ушул диагноз коюлбаганда боштондукка чыгарууга шарт болмок эмес. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилип жаткан аныктаманын негизинде «мыйзамдагы ууру» эркиндикке «жолдонмо» алат.

Белгилей кетүүчү нерсе, Саламаттыкты сактоо министри Сагинбаева Д.З Макимбетовду Улуттук онкология жана гемотология борборунун балдар онкологиясынын бөлүм башчысы кылып дайындайт.

Мына ушундай, урматтуу окурман. Демейде жөнөкөй калктын арыз мунун укканга алы жок, медицинадагы көйгөйлөрдү айтсан «бизде шарт жок, ал жетишпейт, бул жок» дегенден башы чыкпаган Саламаттыкты сактоонун ошол кездеги министри Сагинбаева Динара айым «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди бир тууганындай камкорлукка алып, күйүп-бышып, чагылгандай ыкчам кызмат көрсөтүп атып, Кыргызстандан Кызыл килем менен узаткан. Анын бул эмгеги үчүн алган «долясы» азыркы күнгө чейин белгисиз. Ак эмгеги менен, мээнети менен элдин түйшүгүн тартуунун ордуна ууруларга, кылмышкерлерге жан тарткан чиновниктердин бүгүнкү күндө элге кызмат көрсөтүү жаатында иштөөгө дагы да болсо акысы барбы?! Урматтуу Президентибиз Сооронбай Жээнбеков коррупция менен курөшүүнү аёосуз баштады, укуругу качан Сагинбаевага окшогон жеп-жутарларга жетет деген суроо карапайым калкты түйшөлтүп келет. Ал эми Сагинбаеванын ишмердүүлүгү жалаң гана «жемей», ызы-чуу, коррупция менен коштолуп, айтор баскан жеринен чөп чыкпаган айым экендиги бештен белгилүү болуп калды.

Журналисттик этикага ылайык макала боюнча экинчи тарап «жок, андай эмес, мындай…» дечүлөргө гезит бетинен орун бергенге даярбыз.

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: