– Сооронбай Шарипович, жаңы өкмөттүн жаңы программасын чындыгында кимиңер даярдап, кимиңер окуп келдиңер? – деп сурады бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин “Бир бол” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев жаңы өкмөттүн программасын талкуулоо учурунда.
– Бул программаны мына мен, министерство менен ведомстволор, аппараттын өкүлдөрү чоогу жасаганбыз, – деп жооп берди Сооронбай Жээнбеков.
– Чындыкты айтыш керек болуп жатат. Мен өкмөттүн 2013-жылдын апрелиндеги программасы менен быйыл 2016-жылдын апрелиндеги жана 8-ноябрдагы программасын атайын салыштырып чыктым, коёндой окшош экен. Бул кандай болуп калды? Же мурунку эле программаны алып келдиңерби? Толук окшош текст? – деди Мыктыбек Абдылдаев.
– Эми окусаңыз… Биз мурунку өкмөттүн да программасынын жакшы жактарын алалы дедик да… Алымча-кошумча кылып алып келдик да… Окусаңыз жакшы программа, муну ишке ашырсак жакшы болот эле..
– Кошконуңар бир эле – МВДнын академиясын Укук коргоо органдарынын академиясы кылабыз дегенди кошупсуңар. Башка эч нерсе жок, мен салыштырдым да толук текстти. Буга аппаратыңызда иштегендер жооп бериш керек Сооронбай Шарипович. Өкмөттүн бир да мүчөсү аралашпаганы көрүнүп калды. Муну бир эле референт көчүрүп коюптур. Уят болот го, – деди Мыктыбек Абдылдаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ