Кыргыз-өзбек жумушчу топтору Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулады. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 9-ноябрда парламентте билдирди.
«Акыркы убактарда кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо жылыштар боло баштады. Үстүбүздөгү жылы чек ара маселеси боюнча эки тарап 5 жолу жолугуп, 49 талаштуу аймактар боюнча келишимдерге жетишти. Өзбекстан менен азыркы убакта да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», – деп билдирди Разаков.
Ал башка мамлекеттик органдар менен кызматташтыкта өкмөт Өзбекстан менен болгон чек араны тактоо боюнча иштерди тездете турганын белгиледи.
Кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1378 чакырымды түзсө, анын 320 чакырымы учурда тактала элек.
2016-жылдын сентябрынан тарта Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыктын жандана баштагандыгы байкалууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ