Жогорку Кеңеш премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков тарабынан сунушталган жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бекитти. Мындай чечимди парламент депутаттары 9-ноябрдагы пленардык жыйынында кабыл алышты.
Премьер Сооронбай Жээнбеков ишеним көрсөткөндүктөрү үчүн депутаттарга ыраазылык билдирди. Анын айтымында, өкмөт депутаттардын бардык сунуштарын эске алуу менен ачык жана таза иштейт.
Өкмөттүн курамына премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, 3 вице-премьер жана 12 министрлик кирет.
Буга чейинки өкмөт парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн таркап кетишинен улам отставкага кеткен болчу.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ