АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги Тажикстандагы теракт коркунучу жөнүндө америкалыктарды эскертип, кыраакы болууга жана коомдук транспорт менен жүрбөөгө чакырды.
Эскертүү 9-ноябрда Тажикстандагы АКШ элчилигинин расмий сайтында жарыяланды. Элчилик алган маалыматка караганда, террордук топтор адамдар көп топтолгон жерде теракт жасап,ушул максат менен Ооганстан чек арасын кесип өтүүгө ниеттенишүүдө.
Буга байланыштуу Дүйшөмбүдөгү Америка элчилиги Тажикстандагы жарандарына кайрылып, эл көп чогулган жерлерде болбоого, коомдук транспортторду пайдаланбоого үндөдү.
Мындан тышкары америкалыктар Тоолуу Бадахшан автономдуу облусуна барып калса, Ооганстан менен чектеш аймактарда жашоодон жана кечкисин сейилге чыгуудан оолак болууну сунуштады. Америкалыктарга кечинде ачык жайларда жүрүүдөн качуу кеңеши берилди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ