Бүгүн, 11-ноябрда Ош облустук мусулмандар казысы Самидин кары Атабаевдин жетекчилигинде апталык жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.
Жыйында казыяттын аппаратында кадрдык өзгөрүүлөр болгондугу маалымдалып, жамаатка жаңы дайындалган кызматкерлер тааныштырылды. Кадрдык өзгөрүүгө ылайык казыяттын үгүт-насаат жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу анын ордуна казыяттын чарба курулуш жана мечит адиси Акжол Бакиров которуу жолу менен дайындалды. Ал эми казыяттын курулуш жана мечит бөлүмүнүн башчысы болуп Абдималик ажы Турсунбеков дайындалды. Жаңы дайындалган кызматкерлерди облус казысы куттуктап, казыяттын ишин алга жылдырууда күжүрмөндүк жана жоопкерчилик менен иштеп берүүгө чакырды.
Эскерте кетсек, жаңыдан дайындалган Абдималик ажы Турсунбеков 2002-жылы Ош мамлекеттик университетинин теология факультетин, 2009-жылы Түркиянын Диянет иштери башкармалыгынын Хасеки билим берүү борборундагы Муфтийлерди даярдоо курсун аяктаган. Эмгек жолун мечит имамдыгынан баштап, Ош облустук казыятынын жооптуу катчысы, үгүт-насаат жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы, даават бөлүмүнүн башчысы, казынын 1-орун басары жана Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармасынын Борбордук Көзөмөл комиссиясынын Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы кызматтарын аркалаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ