Menu

Кадыралиева кайдан чыга калат эми?

Бөлүшүү:

Өткөн чакырылыштын депутаты. Болгондо дагы бүгүн ташы өйдө кулап, айтканы эки болбой турган КСДПнын тизмеси менен шайланып, Ак үй босогосун аттаган Өзгөндүн өрт кызы Ыргал Кадыралиева көптөн бери коомчулукка көрүнбөй, көмүскөгө кирип кеткендей болгон. Мурунку төрага Асилбек Жээнбековдон тил угуп, журналисттерге оргу-баргы маек берип, айрымдары менен сөгүшө кетип жүрүп депутаттык мөөнөтүн бүтүргөн айымды эстегендер азыр да арбын. Узун-узун кеп угам… дейт эмеспи. Ошол сыяктуу Ыргал айым Жогорку Кеңешти түрө кыдырып, өзү менен чогуу иштешип калган, өңү тааныш депутаттарына кайрылып “иш болсо жакшы болмок” деген таризде сөз козгоптур деп угам. КСДП үчүн түзүк эле чуркагандай болгон. Ошол аракети бааланып, ак эмгек өтөп бер деп бир кызматты кармата салса, Ыргалдын жылдызы неге жанбасын?

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: