Menu

Нурдин Абдылдаев: Бишкекбашархитектуранын саясаты борбор калаада жол тыгындарын көбөйтүүдө

Бөлүшүү:

«Бишкектин борбору жол тыгындарынын айынан адамдын организминдеги кан агымын бүтөп салган уюган канга окшоп турат», – деп билдирди «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер Нурдин Абдылдаев.

Анын айтымында, Бишкекбашархитектуранын азыркы стандарттары учур талабына жооп бербейт. Бул ведомство көп кабаттуу турак жайларды курууга уруксат кагаздарын берип коет да, унаа токтотуучу жайлар үчүн атайын аянтча бөлүп бербейт.

Натыйжада, ар бир көп кабаттуу үй мурункудан да көп жол тыгындарына шарт түзүп, ыңгайсыздыктарды жаратууда. Ошентип, Бишкекбашархитектура шаардагы негизги унаа кыймылын шал кылган жаңы «тромбдорго» жол ачууда.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы курулуш нормалары менен стандарттарына өзгөртүү киргизет.

Н.Абдылдаевдин айтымында, ар бир жаңы имарат сөзсүз түрдө унаа токтотуучу жайларга ээ болушу керек. Антпесе шаардыктар азыр болуп жаткандай жолдун четине унаасын токтото беришет.

«1 млн бишкектиктерге 400 миң унаа туура келет. Демек, 400 адамга эсептелген үйдө 100дөн аз эмес унаа токтотуучу орундар болушу керек. Элиталык үйлөрдүн тургундары жолдун четине унаасын токтотпошу керек», – деди «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын мүчөсү Нурдин Абдылдаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: