Menu

Орусияда өсүрүмдөр полицияга ок чыгарып, өз өмүрлөрүн кыйышты

Бөлүшүү:

Он беш жаштагы кыз менен бала полициячыларга карата ок чыгарышты. Андан соң жаш жигит селкини атып таштап, өзүнүн дагы жанын кыйды. Окуя Орусиянын Псков облусундагы Струги Красные айылында болду.

Жигит менен кыз кароосуз үйдү ичтен бекитип, курал сактаган сейфти ачышкан. Ичкери кире албаган кыздын энеси полиция чакырган. Тартип сакчылар окуя болгон жерге келишкенде боз улан менен селки аларга ок чыгарган. Ок атууну алар тасмага тартып, “Перископ” түйүнү аркылуу түз эфирде көрсөтүшкөн.

Тасмада кыз ата-энеси менен урушуп, үйүнөн качып кеткенин түшүндүргөн. Бир нече жолу “орустар багынбайт” деген сөздөрдү айткан. Полициячылар үйдү курчап, жаштарды куралсыздандырып, ичкери кирүүгө аракет жасашкан. Бирок натыйжа чыккан эмес. Жигит дос кызын өлтүрүп, андан кийин өзү дагы атынып өлгөн.

Маалыматка караганда окуя болгон үйдө киши жашачу эмес. Анын ээси, мергенчи эки жыл мурун көз жумган. Мураскорлор үйдү жайкы чарбак катары колдонушчу.

Эки өспүрүм тең Псковдо жашап, 9-класста окушкан. Үч күн мурун алар ата-энелеринен качып кетишкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: