Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Аламүдүн районунун Рассвет айылынан жол боюнда токтоп турган Audi 80 автоунаасы күйүп кеткен. Себеби азырынча белгисиз. Кант шаарындагы микрокередиттик фирмасынын имаратындагы балкон өрттөнгөн. 12 кв. метр аянтты жалын жалмаган. Бишкектин Кулиева көчөсүндөгү “Ынтымак” ашканасынан өрт чыгып, 20 кв.метр шыбы күйүп кеткен. Себептери такталууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ