Menu

Фридом Хаус: дүйнөдө интернет эркиндиги боюнча абал начарлоодо

Бөлүшүү:

Дүйнөдө алтынчы жылы катары менен интернет эркиндиги начарлап баратат. Бул тууралуу штаб-квартирасы Вашингтондогу Фридом Хаус укук коргоо уюмунун баяндамасында айтылат.

Иликтөө 65 өлкөдө жүргөн. Натыйжада интернеттин абалы Кытай, Сирия жана Иранда баарынан начар деп табылган.

Интернети эркин эмес делген 17 өлкөнүн арасында Египет, Белорус, Казакстан, Судан, Орусия, Пакистан жана Вьетнам бар. Бул өлкөлөрдө негизинен жарандардын бийликке сыны цензураланып, социалдык тармактарга пикир жайгаштырган, бөлүшүп же өзгөлөрдүн пикирлерин жактырган адамдар камакка алынышы мүмкүн делет Фридом Хаустун отчетунда.

Маселен, Орусия быйыл өткөн жылдагыдан бир аз артка кетип, 65 терс упай топтогон. Муну орус бийлиги “антитеррордук ишмердикке” байланыштырганы менен анын алкагында оппозиция ишмерлерине, ЛГБТ активисттерине жана Украинадагы жаңжал боюнча пост жазгандарга басым жасалууда деп жазат Фридом Хаус.

17 өлкөдө интернет колдонуучулар эркин деп табылган. Анын алдыңкы бештигине Эстония, Исландия, Канада, АКШ жана Германия кирет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: