Menu

Таалайбек Сариев: Шаар жүргүнчүлѳрүнүн коопсуздугуна Бишкек бийлиги жоопкер болушу керек!

Бөлүшүү:

«Бишкек шаарында маршруттук таксилердин катышуусундагы жол кырсыктарына айдоочулар эле эмес, Бишкек мэриясы дагы жоопкерчилик тартышы керек, анткени алар шаардагы коомдук унаага байланышкан бардык кѳйгѳйлѳрдү билип туруп, ошого чара кѳрбѳй жатышат», – деп белгиледи «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Бишкек шаардык кеӊешине депутаттыкка талапкер Таалайбек Сариев.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын жолдорундагы азыркы абал «мышык ыйлаарлык». Шаардык мэрияда жүргүнчүлѳрдү ташуучу компаниялардын ээлери менен тымызын коррупциялык келишимдер  түзүлүп калган.

«Бирин-бири кубалаган, жѳѳлѳгѳн маршруттук таксилерден Бишкектин жолу кѳрүнбѳй калды. Бардык жол эрежелерин бузуп, батыраак айдап, кѳбүрѳѳк жүргүнчүлѳрдү салууга ашыккан айдоочуларга жүргүнчүлѳр дагы эч нерсе дей алышпайт» – дейт Т.Сариев.

Мындан тышкары, айдоочулардын тажрыйбасын, эмгек стажысын текшерген эч ким жок. Жеке менчик компаниялар жүргүнчүлѳрдү ташып пайда табууну кѳздѳгѳн ар бир каалоочу менен пайда бѳлүшүүгѳ даяр.

Жыйынтыгында, жүргүнчүлѳргө  эч ким кам кѳрбѳйт, бардыгы пайда табууну биринчи орунга койгондуктан, маршруттук таксилердин катышуусундагы автокырсыктардын, алардын курмандыктары, жабыркагандар кѳбѳйүүдѳ.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы шаардык кеӊеште коомдук транспорттун ар бир айдоочусунан ишке кирүү алдында милдеттүү сынак алуу маселесин кѳтѳрѳт. Мындан сырткары, ар жыл сайын аттестация ѳткөрүлүшү зарыл. Аталган процесске Бишкек мэриясынын алдындагы атайын башкармалык жооп бериши керек.

«Жүргүнчүлѳр үчүн жоопкерчиликти айдоочулар менен катар, жүргүнчү ташуучу компаниялардын ээлери жана мэриядагы айрым чиновниктер дагы алышы керек», – деп белгиледи ѳз сѳзүндѳ «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Бишкек шаардык кеӊешине депутаттыкка талапкер Таалайбек Сариев.

onuguu-logo-2

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: