Menu

Ошто Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ишкерлери чогулат

Бөлүшүү:

17-ноябрда үч өлкөнүн ишкерлери Ош шаарындагы Фергана соода-экономикалык форумуна чогулушат. Бул тууралуу Оштун биринчи вице-мэри Замир Аскаров билдирди.

Анын айтымында, Фергана өрөөнүн бөлүшкөн үч өлкөнүн өкүлдөрү ортодогу кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүндүктөрүн талкуулашат.

«Биздин башкы максатыбыз – аймактагы сооданы өнүктүрүү үчүн мыкты шарттарды түзүү. Форумга ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү да катышат. Мындай демилгелер үч өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө гана эмес, элдер ортосундагы ынтымак менен өз ара түшүнүшүүнү да бекемдөөгө жакшы таасир этет деген ойдобуз»,- деп билдирди Аскаров.

Фергана соода-экономикалык форуму Кыргызстан менен Өзбекстандын жана Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы өз ара кызматташтык жакшыра баштаган маалда өткөнү турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: