Бүгүн, 16-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин жыйынына чакырылган УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев атамекенчи депутаттар Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алманбет Шыкмаматовдор коррупция менен айыпталып жаткан “Белиз-гейт” чыры боюнча депутаттардын алдында билдирүү жасады. Анын билдирүүсүнөн кийин экс-генпрокурор, депутат Мыктыбек Абдылдаев “Абдил Кеңешович, профессионалдык этика бузулуп калды, сиздер атамекенчилер тууралу оперативдүү маалыматты ачыкка чыгарууга акыңар жок эле, ал материалдар текшерилип бүткөндөн кийин гана тергөөчү ачыкка чыгара алат. Эртең текшергенден кийин далилдей албай калсаңар эмне болот? Прокуратура бул иште кылмыш составы жок деп кайрып берсе эмне болот?Сиз ДОПту алып ачыкка чыгарып коюп жатпайсызбы. ДОП эч качан ачыкка чыкпаш керек да?” – деп суроо берди.
Абдил Сегизбаев олуттуу жооп бере албады.
https://www.youtube.com/watch?v=8DFF8CwsjsU&t=4s
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ