Menu

Жогорку Кеӊеш тарабынан бекитилген КР Өкмөт мүчөлөрү ант беришти

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин бүгүнкү, 17-ноябрда өткөн жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда ант беришти. Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” мыйзамга ылайык, КР Өкмөт мүчөлөрү өз иш милдеттерине киришип жатып КР Президентинин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда ант беришет.

Ант берген КР Өкмөтүнүн мүчөлөрү:

– КР Премьер-министри – Жээнбеков Сооронбай Шарипович;

– КР Биринчи вице-премьер-министри – Абулгазиев Мухамметкалый Дүйшөкеевич;

– КР Вице-премьер-министри – Панкратов Олег Михайлович;

– КР Вице-премьер-министри – Султанбекова Чолпон Аалыевна;

– КР Вице-премьер-министри – Разаков Жеӊиш Парпиевич;

– КР Өкмөттүн аппарат жетекчиси – КР министри Осмоналиев Акылбек Шарипович;

– КР Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович;

– КР Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович;

– КР Айыл чарба жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович;

– КР Транспорт жана жол министри – Калилов Жамшитбек Калилович;

– КР Юстиция министри – Ахмедов Уран Төлөндиевич;

– КР Тышкы иштер министри – Абдылдаев Эрлан Бекешович;

– КР Ички иштер министри – Исраилов Улан Жумабекович;

– КР Өзгөчө кырдаалдар министри – Боронов Кубатбек Айылчиевич;

– КР Саламаттык сактоо министри – Батыралиев Талантбек Абдуллаевич;

– КР Маданият, маалымат жана туризм министри – Казаков Түгөлбай Токтогулович;

– КР Билим берүү жана илим министри – Кудайбердиева Гүлмира Каримовна;

– КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министри – Исакунова Таалайкүл Базаркуловна;

– КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы – Сегизбаев Абдил Кеӊешевич;

– КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович;

– КР Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы – Шаршембиев Бакыт Нуржанович.

Эске салсак, 2016-жылдын 9-ноябрындагы Жогорку Кеӊештин жыйынында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков башында турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү менен курамы бекитилип, анын «Ишеним жана биримдик» иш программасы жактырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: