Menu

Исхак Масалиев, ЖКнын депутаты: “Биздин партиялардын баарынын программалары гүлдөтөм, жыргатам, тойгузам менен жазылган”

Бөлүшүү:

— Исхак Абсаматович, өлкөдөгү эң кары партия болуп эсептелген коммунисттер да шаардык кеңешке аттанып чыкты. Азыр коммунисттердин заманы эмес. Коммунизм куруу түшкө кирет. Өткөн кылымдагы системага кайтып барсак деген ниеттесизби?

— Комунисттерди эч ким кайрып келе албайт, аккан сууну артка агыза албаган сыяктуу эле көрүнүш. Өткөн кылымдагы биздин жетишкендиктерди, жакшы жагдайларды кайра жандантканга аракет жасаш керекпиз. Мисалы, мамлекеттик кызматтагы тазалыкты сактоо, коррупцияга жол бербөө, жер сатууну токтотуу, завод-фабрикаларды сатып алгандарды иштеткиле деп талап коюу максатында иш алып барабыз. Биздин активдүү жаштар канатыбыз менен шайлоого аттандык.

— Талапкер кылып жаш активисттерди чыгарып жатыптырсыз. Жаштар коммунисттик көз караштан эбак алыстабады беле? Капиталист, демократ сыяктуу түшүнүккө жеткен жаңы муундан коммунисттерди чыгарам деген ойдосузбу?

— Сиз азыр туура айтып жатасыз. Жаштардын түшүнүгү жакшы эле. Капитализм, ленинизм, социализм дегенди жакшы түшүнүшөт. Бүгүн капитализмде негизделген базар экономикасында жашап жатабыз. Ар бир жаран өзүнүн аракетине таянып, байлыкка жетем деп аракет кылып жатат. Биз байлыкка эмес, жетиштүүлүккө жетишүүбүз керек. Байлыктын баарын наркы дүйнөгө алып кетпейбиз да. Ошондуктан жаштарыбыз коммунисттик идеяга берилип иш алып барат. Мамлекет адам үчүн төрөлгөндөн акыркы саатына чейин кызмат кылыш керек. Бүгүн адам төрөлгөндө акча төлөп, өлөөрүнө дагы жер сатып алууга туура келип жатат. Ага жеткиргенибиз туура эмес. Бүгүн сен иштеген жериңден айлык алып мамлекетке салык төлөбөй калсаң карылыкка жеткенде сага эч ким пенсия төлөбөйт. Коммунисттердин заманында ар бир жаран иштегенге жана карыганда пенсия алууга милдеттүү болмок. Пенсия ал убакта көп нерсеге жетчү. Азыр жада калса Бишкектен айылга туугандарына барып келгенге жарабайт. Үйдүн коммуналдык төлөмдөрүнөн ашпайт. Экинчиден адамды кул сыяктуу карабасак жакшы болмок. Азыр жаштарыбыз ар кайсыл жерде 2 ай иштеп бошоп кетишет. Илгеркидей бир орунда 40 жыл иштейм деген кесип жок. Жаштарыбыздын баары тырышып акча берип окууну бүтөт, бирок экономист, юрист деген максаттарына жетпей калып жатышат.

— Партиянын эски мүчөлөрүн алып чыккан салтка айланган схеманы бузуп, коммунисттер да бүгүнкү агымга жараша иш кылууга аракет кыла баштаптыр. Коммунисттер өз салтын бузбачу эмес эле. Алар да “заманың түлкү болсо түлкү бол!” дегенге өтүп жатабы?

— Барган сайын ар бир шайлоо материалдык жагынан татаал болууда. Мисалы Бабановдун партиясында банкирлер менен байлар топтолуп, эмнени гана жасашкан жок. “Кыргызстан” партиясында дагы байлар топтолуп алып, ар бир аялдамага кооз сүрөттөрүн чаптап чыгышты. Мунун баарына каражат кетет. Ар бир районго спорт аянтчаларды курдуруп, жарыктарды койдурган чоң каражатты талап кылат. Бизде андай акча жок. Бизде шартыбыз жок болсо шайлоого барбай эле койсокпу деп ойлонгонбуз. Ошондо жаштар бизге “биз анда аракет кылып көрөлү, сиздер жардам бериңиздер”- деп сунушту беришти. Биздин 75 талапкердин ичинен 65и 30 жаштын тегерегиндегилер. Кээ бир ММКлар бизди жумушу жоктор деп жазыптыр. Туура биздин жумушубуз жок. Жумушу барлар башка партия менен кетти. Башка партиялар укмуштай убадаларды айтып жатышат. Биз аларга анчалык мүмкүнчүлүгүң болсо кура бер, сөзсүз депутат болуу зарылбы деп айтып жатабыз. “Мен шайланып калсам ушуну жасайм”- деген куру убада. Барган сайын шайлоочулар куру убададан чарчашты. Биз ошол чарчаган шайлоочуларга “биз коммунисттер силерге таза иштеп беребиз”- деп айтып жатабыз.

— Талапкерлердин арасында Султан Ибраимовдун кызы Гүлмира Ибраимова дагы бар экен. Ал Өмүрбек Текебаевдин Бишкек шаарынын борборундагы эски турак жайларды сүрүп салуу мыйзам долбооруна каршы шаардыктарды баштап чыкты эле. “Ата-Мекен” менен тирешип жаткан учурдан пайдаланып бийлик тарапка ыктап жатасызбы?

— Жайында мыйзам долбоор Жогорку Кеңештин сайтына чыккан болчу. Ошол мыйзамга каршы бир топ адамдар чыгышкан. Айрыкча Бишкек шаарынын тургундары, коммунисттер, сиз айтып жаткан Гүлмира Султановна дагы каршы чыкканы баарыбызга маалым. Биздин жаш балдарыбыз буга каршы чыгып, бул мыйзамга жол берген жокпуз. Анан бул күрөш бүткөндөн кийин атайын топтолгон колго биз “патриот болуп шаарды оңдогуңар келсе, шаардык кеңешке аттанбайсыңарбы? Эреже боюнча силер партияга киришиңер керек”- дегенде айрым мүчөлөрү арыз жазып коммунисттерге кошулуп чогуу аттандык

— Шаардык кеңешке “Өнүгүү” партиясы да ат салышмай болду. Сиз болсо компартияны камдап жатасыз. Депутат кылып алып келген “Өнүгүүнү “кидать” эттиңизби?

— Өз мезгилинде парламенттик шайлоого аттанып жатканда Коммунисттер партиясы мага “Өнүгүү-Прогресс” партиясы менен жарышка аттанууга макулдук берген. Мыйзамга ылайык мен “Өнүгүү-Прогресс” партиясына кирген эмесмин жана Коммунисттер партиясынан чыкпагам. Ошондуктан өзүмдү “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын мүчөсүмүн деп эсептебейм. Бирок парламенттик “Өнүгүү” фракциясынын мүчөсүмүн. Парламенттик фракциянын чечимдерин аткарууга милдеттүүмүн. Шайлоодо жалгыз барбай коммунисттер дагы “Өнүгүүнү” колдогон. Алган добуштарга биздин да тийешебиз бар. Андыктан менин ал партияга карызым жок. Биз жөн гана кызматташып жатабыз десем туура болот.

— Бийликке жакпай калган партиядан акырындык менен алыстап, атаңыздан калган компартияны көтөрөйүн деген чечимге келген жоксузбу? Бийлик менен тил табышып алып дегендей…

— Бул чечим жайында эле чыккан. Ал убакта коалиция урабай тынч эле болчубуз. Шайлоого июнь айында эле даярданып баштаганбыз. Анын үстүнө мен коалициянын ичинде жалгыз депутат болуп таасир бере албаймын. Мени менен эч ким кеңешкен жок, өз пикиримди сактап турам. Менин “Өнүгүү-Прогресстен” депутат болуп келейин деген оюм жок эле. Атамдан калган партия эмес, мен коммунисттердин партиясы менен келдим. Бүгүн мен бул партияга жетекчимин, эртең башка болуп калышы мүмкүн. Бул партия мага атамдан мураскорлукка калган эмес. Башка партиялар лидердин аты менен сакталса, биздики атамдын аты менен сакталып турганы чын. Эң негизги идея бизде гана бар. Бир гана Ата-Мекен менен СДПКнын идеяларынын 70%и биздикине окшош. Чынын айтканда биздин партиялардын баарынын программалары гүлдөтөм, жыргатам тойгузам менен жазылган. Эмнегедир 26 жылдан бери тойгузбайт, жыргатпайт, гүлдөтпөйт. Гүлдөтсө кээ бир үйлөрдү, жыргатса айрым адамдарды жыргатып жаткандыр. Коммунисттерден алыска барбайлы Абсамат Масалиев, Султан Ибраимов, Исхак Раззаковдун ысымдары айтылат. 26 жылда болгон президенттердин кимисинин аты азыр жакшы болуп аталып жатат. Шаардагы болгон мэрлердин ичинен Октябрь Медеров, Абсамат Масалиевдин аты аталып жатса, 26 жылда бир гана Нариман Түлеевдин аты аталат, калгандарын эч ким эстей албайт.

— Нариман Түлеевдин иштегени сизге көбүрөөк жакса керек?

— Наримандын шаарга болгон чарбачылдык мамилеси туура так жүргүзүлгөн. Албетте, ал өзү жалгыз кетмен-күрөк кармап шаарды оңдогон жок, командасы менен иштеди. Муну менимче бир дагы шаардын тургуну тана албайт. Чындыгында көзгө көрүнөөрлүк иштерди жасаган жалгыз Нариман болду.

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: