Menu

Путин Улюкаевдин камалышы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты

Бөлүшүү:

Орусия президенти Владимир Путин  мурдагы экономикалык өнүктүрүү министри Алексей Улюкаевдин камалышын “кайгылуу окуя” деп атап, бирок бул иш “Башнефтини” сатып алууда “Ростнефтиге”  тоскоол болбой турганын билдирди. Бул тууралуу Путин Лимадагы басма сөз жыйыны учурунда айтты.  Перуда Азия-Тынч океан саммити болуп өттү.

Орусия президенти Улюкаевдин иши жана анын үй камагы боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, маселени тергөө органдары жана сот чечерин билдирди. Президент бийлиги коррупция менен күрөшүүнү улантып жатканын, мыйзам баары үчүн бирдей экенин айтты.

Экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаев 15-ноябрга оогон түнү мамлекеттик “Роснефть” компаниясынан эки миллион доллар пара алып жатканда ФСБ тарабынан кармалган. Сот аны эки айга үй камагына алуу чечимин чыгарган. Мындан кийин Орусия президенти Владимир Путин аны “ишенимден кеткендиги үчүн” кызматтан четтеткен.

Улюкаев пара алганын четке кагууда. Анын жактоочулары чиновникке карата чагым уюштурулуп жатканын билдиришти.

Орусия кылмыш кодексине ылайык, Улюкаев азыр тагылган күнөө боюнча соттолсо, 15 жылга эркинен ажыратылышы же алган парасынан 70 эсе көп айыппул төлөшү күтүлөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: