«Канчалык кызыктай угулбасын, бирок эгер жаңы конуштардын өнүгүүсүнө каражат жумшалса, мындан Бишкек шаарыбыздын борбордук бөлүгү утат», – деп эсептейт Бишкек шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкер Аликбай Сариев.
Анын айтуусунда, шаардын 44 калктуу конушунун ичинен 22си жаңы конуш катары саналат жана ал жакта 170 миңдей адам, шаар калкынын 17% жашайт.
«Жаңы конуштардагы сапаттуу медициналык тейлөөнүн жоктугу алардын тургундарынан баштап, борбордо жашаган шаардыктарга чейин маселе жаратат. Орруканалар менен поликлиникалардагы кезек күтмөй, жолдогу тыгындар ж.б.у.с. Андыктан, жаңы конуштардын өзүндө керектүү соцобъекттерди түзүү менен бир канча көйгөйлөрдөн арылса болот. “Өнүгүү-Прогресс” партиясы бул маселени муниципалдык имараттарды жеке менчик медициналык борборлорго арендага берүү (алгачкы 2 жыл бекер) жана 1 жыл салыктан бошотуу аркылуу чечүүнү сунуштайт. Мындай жол менен жаңы конуштар өз аймагында сапаттуу, арзан медициналык кызматка ээ болмок», – дейт Аликбай Сариев.
“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б. Түлеев тарабынан төлөндү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ