Menu

HRW Казакстанды жумушчулардын укугун бузууга айыптоодо

Бөлүшүү:

HRW уюмунун жаңы баяндамасында Казакстанда жумушчулардын укугу бузулуп, жыйындарга чогулуу, биригүү жана иш таштоо эркиндиги сакталбай жаткандыгы сынга алынган. Укук коргоочулар эмгек кодексин жана кесиптик кошуундар боюнча мыйзамды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө үндөшүүдө.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму “Биз душман эмеспиз: Казакстандагы жумушчулардын укуктарынын бузулушу” аталышындагы баяндамасын 23-ноябрда жарыялады. Документти даярдоо үчүн HRW 50дөн ашык кесиптик кошуун лидеринен, эмгек активисттеринен жана өндүрүштүн маанилүү тармактарында иштеген жумушчулардан маек алган. Министрликтерден маалымат топтогон.

HRW эркин жыйынга чогулуу жана биригүү укуктарын иликтеп жатып, бул багытта казак бийлиги тараптан катуу көзөмөл бар экенин жазган. Укук коргоочулардын белгилешинче, компания өкүлдөрү, жумуш берүүчүлөр жана бийлик кесиптик кошуун лидерлерине жана активист жумушчуларга каршы ар кыл жазалоо ыкмаларын колдонот.

Жаңы эмгек кодекси жана кесиптик кошуундар боюнча мыйзам жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө жана иш таштоодо жумушчулардын укуктарын чектейт. Бул болсо адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерге карама каршы келет деп жазылган.

Баяндамада Казакстан бийлигине жумушчулардын жыйындарга чогулуу, биригүү жана кесиптик кошуун түзүү укугун сыйлоо, эмгек укуктарын коргогон активисттерди жазалабай, аларды коргоо кеңеши берилет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: