Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Улуу муундун алдында социалдык жоопкерчилик

Бөлүшүү:

«Коомчулуктун улуу муун алдында жоопкерчилиги болушу зарыл», – деп белгилейт Бишкек шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкер  Рамиль Беков.

 Талапкердин айтуусунда, Бишкек шаардык кеңешине өтүү менен “Өнүгүү-Прогресс” партиясы, Улуу Атамекендик согуштун ардагерлери жана пенсиядагылар үчүн ири дүкөндөрдө үстөгү жок баадагы азык-түлүктөрдөн турган “социалдык текчелерди”  уюштурууга киришет.

 Мисал катары,  Р.Беков өзүнүн тажрыйбасын келтирет. « Мен «Фермер»аталышындагы азык-түлүк компаниясын жетектейм, компанияда айыл-чарба азыктары иштетилет.  Бизде “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын жогорудагы идеясы иштеп,  пенсиядагылар менен ардагерлерге жеңилдиктер каралган. Ал жеңилдиктерден компания чыгаша тарткан жок, тартышы да мүмкүн эмес. Анткени чоң апаларыбыз күнүнө 100 кг азык-түлүк алышпайт, ал эми ардагерлерибиз, тилекке каршы, аз эле калбадыбы. Андыктан, мындай соопчулук иштерден эч ким жабыркабасын түшүнүшүбүз керек», – деген оюн билдирди  Рамиль Беков.

 “Социалдык текче” долбоорун ишке ашырууда ишкерлер эч кандай чыгаша тартпайт, ал эми карыларыбыз сезилээрлик моралдык жана материалдык жардам алышат эле. «Пенсионерлер менен ветерандар үчүн картошканын килограммынан  3-4 сом үнөмдөө  жагымдуу болмок, анткени алардын пенсиясы өтө аз өлчөмдө экендиги белгилүү эмеспи», – деп жыйынтыктады Р.Беков.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: