Menu

Азимбек Бекназаров: “Текебаев өзүнүн президент болуу улуу максатына жетүү үчүн Акаев менен тымызын кызматташып, бийликти узурпациялап алышына чоң салым кошкон”

Бөлүшүү:

Белгилүү революционер Азимбек Бекназаров жакында эле “Мен кыргызмын” аттуу II томдон турган эскерүү китебин жарыкка чыгарды. Анда автор акыркы 20 жылдагы өзү аралашкан саясый окуяларды болгонун болгондой баяндап берген. Биз Бекназаровдун китебинен бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпогон айрым урунттуу учурларын үзүндү кылып жарыялоону чечтик.

“Бакиевдик бийлик 2009-жылы 23-июлда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүү тууралу чечим кабыл алды…

Текебаев экөөбүз бир нече жолу бул темада сүйлөштүк. Текебаевдин көп жылдардан бери Президент болуу улуу максаты бар эле. Ушул улуу максатка жетүү үчүн ал кээде элдик позициясынан кайтып Акаев менен ачык да, тымызын да сүйлөшө коюп, анын нечендеген тапшырмаларын аткарып, референдумдарын өткөрүүгө көмөк көрсөтүп келди. Акаевдин референдум жолу менен мамлекеттик бийликти узурпациялап алышына чоң салым кошууга мажбур болгонун билчүмүн. Кесепетинде, Кыргызстан укуктук мамлекеттин ордуна акаевдик, үй-бүлөлүк-кландык башкаруу системасы бар, өлкөнү «ханайым», «хан-заадалар» башкарган, «балдыздар» маселе чечкен, бийлик органдары менен бийлик адамдары мыйзамда бекитилген бийлик функцияларын эл үчүн, өлкө үчүн мыйзам чегинде аткарбай, «үй-бүлөнүн», анын жакындарынын көз карашы менен иштеген заман курулган. Акырында бул 2005-жылкы Март революциясына алып келип, Акаев качып кетүүгө мажбур болду. Текебаев өзү анын артынан Москвага барып арызын алып келди. Бирок Текебаевдин Президент болуу амбициясы дагы деле күчтүү эле. Мен анын эгемендүү Кыргызстанды курууга кошкон эбегейсиз зор салымын, ушунча жылдан бери карапайым эл үчүн жанын үрөп, нечендеген мыйзамдарды жазып, кээде бийликти тике качырып, тайманбай сүйлөп, эл өкүлү, эл депутаты деген ыйык наамды бийик көтөрүп, элге акча таратып, арак куюп бербей, жалындуу сөзү, ээлеген позициясы менен дагы деле элдин ишениминде экенин баалап, урматтап, анын амбициясы туура деп, чын пейилден ачык сүйлөшүп жаттым. Ал мага: «Азим, рахмат, 2000-жылы да колдогонсуң, бирок мен Президенттикке баралбайм, себебин өзүң жакшы билесиң, сен экөөбүздө бир кемчилик бар, бизде акча жок. Акча болбогондон кийин азыр шайлоого барыш билип туруп эле жеңилүүгө бараткандай эле да, мен Президенттик шайлоого барбайм» – деди.

Мен ага: – Ойлонуп көр, алдыда убакыт бар, «Ата Мекен» өткөн Парламенттик шайлоодо бир топ акчалуу инсандар менен шайлоого барган, ошолор менен сүйлөш, жөн эле акча жок деп кол куушуруу сендей саясатчыга туура келбейт, – дедим. Ал: «Мейли ойлоноюн, сен айткан акчалуулар азыр кайда экенин өзүң жакшы билесиң, шайлоо бүтөрү менен кетишкен», – деди. Мен дагы: – Ойлонуп көр, дагы чогулуп сүйлөшкүлө, акчаларын сага бербесе, башка бирөөсүнө беришер, өзүң баш болуп бирөөсүнө токтоорсуңар, аны да көрөбүз, оппозициядан бир талапкер тандап туруп алып чыгуу – БЭКтин милдети дедим. Андан кийин эки-үч жолу көзмө-көз сүйлөштүк. Ал акчага шылтоо кылып биротоло шайлоого барыштан баш тартты…

Уландысы бар

Редакциядан: Бул өңүттөн караганда акыркы 6 жылда Өмүрбек Текебаев президент Алмаз Атамбаевдин бийликти узурпациялап алышына өзүнүн кандай жеке максаттарын көздөп жардам берип келди экен?

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: