Бул жума ичи кадрдык өзгөрүүлөргө бай болууда. Сегизбаев, Жолдубаева, Калиев өңдүү “лөктөр”, “ысык” орундарынан ыргып кетишти. Алардын ордуна кимдер келери жалпы коомчулукка кызык болуп турган чагы. Эми ошол кеткендердин катарын ИИМ министри Улан Исраилов толуктаганы турат. Исраилов мыкты иштей албады. Кыйналды. Чайналды. Чарчады. Айтор, атпай-журттун үмүтүн актай албады. Эми сыйы менен кетип, эс алышы керек. ИИМди иштин көзүн мыкты, дасыккан кадр жетектебесе, кадыры жаман кетти. ЖКнын кадыры депутаттар өздөрү айткандай канализациядан төмөн болсо, ИИМдики ошол канализациядан бир гана жогору болоор. Айтор, акыркы жылдары айбаты байкалбай, мизи мокоп кетти. Ичинде килейген пагончон “келемиштер” ИИМге иттей жаман кептерди тийгизип жатышат. Андыктан, кете турган министрдин шарданы менен булгангандар, бузукулар ИИМден тазаланбаса, анда жылыш болбойт.
Булак: “Багыт“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ