КР Генералдык прокуратурасы 25-ноябрда 2010-жылы 28-июнда Алексей Елисеевге адвокаттык лицензияны узартуу фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кылмыш ишин ачты.
Алексей Елисеев Максим Бакиевдин жакын кишилери катары белгилүү жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өлкөдөн чыгып кеткен.
Ошол эле жылы июнь айында Елисеевден адвокаттык лицензияны узартуу боюнча арыз түшкөн. Юстиция министрлигинин аппараты анын лицензиясын узартуу боюнча документтерди даярдап, ошол кездеги министрдин орун басары Жылдыз Мамбеталиева министрдин милдетин аткаруучу Аида Саляновага алып кирет да “Мыйзам боюнча биз Елисеевдин лицензиясын узартпай коюуга акыбыз жок” деп билдирет. Аида Салянова ал буйрукка кол коёт.
Азыркы бийлик Елисеевдин арызындагы Елисеевдин колу жасалма болгон, Елисеев өзү издөөдө болчу, ИИМден тастыкма алыш керек эле деген дооматтарды коюп жатат. Бирок, бул кылмыш иши депутат Аида Салянова ачык түрдө Алмаз Атамбаевдин бийлигине оппозицияга чыгып, активдеше баштагандан кийин гана ачылгандыктан коомчулук муну Аида Саляновага саясый куугунтук катары кабыл алууда.
Бүгүн Генпрокуратура бул кылмыш ишин иликтөө үчүн УКМКга өткөрүп бергени белгилүү болду.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ