Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Улуттун генофондун сактайлы! (Видео)

Бөлүшүү:

Кыргызстанда катталган өлүмдөрдүн жарымы жүрөк-кан тамыр ооруларына туура келет.
КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы жыл ичинде жүрөк-кан тамыр ооруларынын кесепетинен каза тапкандардын саны өлкөдө 18 миңге жетет, бул жалпысынан 48.8% түзөт. Ошол эле маалда, жол кырсыгынан 1 млн. чукул, адам өлтүрүүнүн курмандыктары 400гө чукулдаса, 500дөй адам өзүнүн жанын кыйгандар. Демек, жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза тапкандардын саны, адам өлтүрүү, суицидден дагы көп болууда. Медиктердин маалыматында, акыркы жылдары эмгекке жарамдуу, жаш адамдардын арасында жүрөк-кан тамыр ооруларынын өсүшү 38% көбөйгөн.
Мындай түрдөгү оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби: аз кыймылдуу жашоо образы жана терс адаттар. Дагы бир башкы себеп, калктын дене тарбиясына көңүл бурбагандыгы. Бул жаатта шаарыбызда шарттар каралган эмес. Жаңы конуштардын биринде дагы спорт аянтчалары жакшы камсыздалган эмес, элдин спорт менен машыгуусуна шарт түзүлбөгөн, кайда бараарын билишпейт. Спортзалдары жана стадиондор шаар борборунда жайгашкан, аларга жетүү өзүнчө бир кыйынчылык туудурса, алардын баасы орто статистикалуу жаңы конуш тургуну үчүн өзүнчө көйгөйдү жаратат.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, спорт менен машыккандардын саны эң аз дегенде жалпы калктын санынын 14% түзүүсү керек. Бул улуттун генофондун сактоодогу эң төмөнкү деңгээл. Ал эми Кыргызстанда калктын болгону 6% гана спорт менен машыгат.
Шаар тургундарынын жашоосун ыңгайлаштыруу максатында «Өнүгүү-Прогресс» партиясы «Натыйжа көрсөтөбүз!» платформасын иштеп чыгып, анын ичинде «Ар бир калктуу аймакка – спорт аянты» долбоору ишке ашырылууда.
Долбоорго ылайык, ар бир калктуу аймакта заманбап жабдыктар менен камсыздалган спорт аянтчасы уюштурулушу керек. Ар бир жаңы конуштун жашоочусу ал аянтчага 10 мүнөттүн ичинде жете алгыдай болушу керек.
«Өнүгүү-Прогресс» партиясы улуттун саламаттыгы жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн дени сак жашоо образын жайылтууну максат кылат!

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: