2017-жылдын башында Өзбекстан менен Түркмөнстанды байланыштырган көпүрөлөр пайдаланууга берилет. Бул тууралуу кечээ Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов билдиргенин Uzbekistan Today басылмасы жазды.
Түркмөнстан башчысы Ашхабадда өтүп жаткан БУУнун туруктуу транспорт боюнча глобалдык жыйынында көпүрөлөр суу үстүнө курулган эң ири объект болорун белгилеп, алар мамлекеттер аралык байланышты күчөтөрүн айтты.
Өз кезинде жолугушууга катышкан Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Рустам Азимов учурда транспорт байланышынын коопсуздугу өзгөчө актуалдуу болуп жатканын билдирди. Ал Өзбекстандын түштүк багыттагы сырткы соода жүктөрүнүн көлөмү акыркы эки жылда 2 эсеге өскөнүн белгиледи. Мындай тез өсүүнүн себеби катары ал Иран жана Түркмөнстан тараптан берилген жеңилдик тарифтерин атады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ