Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Жашоону жакшы жагына өзгөртүп, натыйжа көрсөтөбүз! (видео)

Бөлүшүү:

«Биз шайлоого бишкектиктердин жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн баратабыз», – деп билдирди Бишкек шаардык кеңешине «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан талапкер Рамил Беков.

 Талапкердин айтымында, Бишкектин көпчүлүк райондорунда шаардыктардын кадыресе керектөөлөрү канааттандырарлык эмес. Акыркы учурда шаардыктардын эң башкы көйгөйү негизги жолдордогу тыгындар болуп калды. Миңдеген шаардыктар ар күн сайын бир нече сааттык убактысын жол тыгындарында коротуп жатышат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн  «Өнүгүү-Прогресс»  партиясы  «Натыйжа көрсөтөбүз!» палтформасын иштеп чыккан. Анда шаардагы жол тыгындарын көп деңгээлдүү парковкаларды куруу менен чечсе болоору көрсөтүлгөн.

 Бул багытта пилоттук долбоор катары алгачкы көп деңгээлдүү парковканын курулушун Башкы прокуратуранын мурунку өрттөнүп кеткен имаратынын ордуна баштоо сунушталган. Бул жер шаардын чок ортосунан орун алып, бир нече негизги унаа жолдору кесилишкен аймак болуп саналат.Анын жанында Акүй баштаган административдик имараттар, Агропром, банктар, оорукана, кафелер ж.б. жайгашкан. Элдин жана транспорттун жыштыгынан бул жерде дайыма жол тыгындары болуп келет. Көп деңгээлдүү парковканын курулушу жол жээгинде токтогон автоунааларды азайтып,  жол кыймылын жакшыртмак.

 “Өнүгүү-Прогресс”  партиясынын эсеби боюнча атайын металл конструкцияларынан курулган 500 орундук көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын баасы 1,5 млн. АКШ долларын түзөт. 

 Мындай парковкалар тез жана оңой салынышы, куруу иштерине аз техниканы талап кылуусу менен айырмаланат. Аталган парковканы бир нече айда куруп бүтүрүп, убакытты жана шаар бюджетин үнөмдөсө болот.

 Металлоконструкциялардан курулган парковка негизги экономикалык маселелерди чече алат: курулушка делген инвестициялык чыгымдар азаят, долбоордун өзүн актоо мөөнөтү кыскарат.

ММКда маалымдалгандай, шаар жолдорун оңдоо боюнча бөлүнгөн кытай грантынын 1 чакырым жол тилкесине кеткен чыгым 1 млн 700 миң АКШ долларын түзөт. Ал эми металлоконструкциялардан турган көп деңгээлдүү 500 автоунаага эсептелген парковканын баасы – 1 млн 500 миң  АКШ долларын түзөт. Жолго кеткен чыгым өзүн эч качан актабайт, ал эми парковка аз мөөнөттүн ичинде өзүн актап баштайт.

«Тез жана арзан курулуучу мындай парковкалар Бишкек шаарындагы жашоо-шартты бир аз да болсо жакшыртмак. Бишкек шаардык кеңешинин курамында биздин партия бишкектиктердин жашоо-шартын жакшыртуу үчүн иш алып барат», – деп жыйынтыктады «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын өкүлү Р.Беков.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: