Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Кеңейебиз жана өнүгөбүз!

Бөлүшүү:

Борборубуздун тең салмактуу өнүгүшү үчүн Бишкектин жаңы конуштарын каржылашыбыз керек. «Өнүгүү-Прогресс» партиясы тарабынан иштелип чыккан  «Натыйжа көрсөтөбүз!» платформасынын башкы идеясы ушунда.

Учурда борбор шаарыбыздын жылдык бюджети 8 млрд. сомду түзөт, анын 90% жакыны шаардын борбордук бөлүктөрүнүн керектөөлөрүнө жумшалат. Борбордук бөлүктө бардык мамлекеттик органдар, ири соода борборлору, ЖОЖдор, оорукана ж.б.у.с. жайгашкан.

Жаңы конуштарда Бишкектин калкынын 20% же болбосо 200 миңге чукул адам жашайт жана алар тигил же бул керектөөлөрү үчүн шаардын борборуна күндө барууга муктаж.

Мунун кесепетинен шаар борбору адамдарга жана автоунааларга толуп турат, дайыма жол тыгындары. Мындай көрүнүш салыштырмалуу кан тамырды бүтөп калган тромб сыяктуу шаардын бардык ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизүүдө.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы  Бишкек шаардык кеңешинин курамында шаардын борборундагы жыштыкты азайтууга багытталган конкреттүү сунуштардын үстүндө иш алып барат. Партия шаар четиндеги калктуу аймактарды, жаңы конуштарды өнүктүрүү менен «альтернативдүү борборлорду» түзүүнү сунуштайт.  

Мындай «альтернативдүү борборлордо» ооруканалар, парктар, балдар аянтчалары, ири соода түйүндөрү, эс алуучу жайлар салынат. Жыйынтыгында, кичирайондор менен жаңы конуштун жашоочуларынын тигил же бул керектөөлөрү үчүн шаар борборуна баруу кызыкчылыктары жоюлмак.

Албетте, азыр жаңы конуштардын өнүгүүсү үчүн каржы сунуштаган инвесторлор жок. Бирок, «Өнүгүү-Прогресс» партиясы жаңы конуштагы жашоо-шартты жакшыртуу үчүн  бизнести өнүктүрүү жолдорун сунуштайт. Жыйынтыгында, шаардын чет жакасын өнүктүрүү менен жалпы Бишкек өнүгүүгө дуушар болот.  

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: