Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Алгачкы жылда эле натыйжа көрсөтөбүз!

Бөлүшүү:

Биз биринчи эле жылы өз натыйжасын берген, шаардыктардын жашоо-турмушун ыңгайлуу жана коопсуз кыла турган долбоорлорду ишке ашырабыз”, – деп билдирди Бишкек шаардык кеңешине «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутаттыкка талапкер Таалайбек Сариев.

Анын айтымында, Бишкекке  системалуу  реформалар  менен катар тез арада натыйжа берүүчү долбоорлор да керек.

Тезирээк натыйжа алуу максатында партия тарабынан “Натыйжа көрсөтөбүз!” аттуу долбоор иштелип чыккан. Аталган долбоордун негизги багыты Бишкек шаарынын бюджетин кеңейтүүгө арналган.

Учурда шаар бюджети болгону 8 млрд сомду түзөт, ошол эле маалда борбор шаарыбыз  республикалык бюджетке аталган суммадан 5 эсе көп салыктарды жана ар кандай төлөмдөрдү төгөт.

Борбор шаар өзүнө чогулган бардык салык жана төлөмдөрдүн 19% гана алып калып, калган 81% республикалык бюджетке өткөрүп берет, Бишкектин эсебинен канчалаган дотациядагы өлкөнүн аймактары каржыланат.

Бишкек шаардык кеңештин курамында «Өнүгүү-Прогресс» партиясы шаар бюджетин 2 эсе көбөйтүүгө аракет кылат. Бул каражаттарды ар бир бешинчи кыргызстандык жашап жаткан, миллиондон ашык калкы бар борбор шаарыбыздын  өнүгүшүнө жумшашыбыз зарыл. Партия ушул сунуштардын алкагында шаардын курамындагы калктуу аймактардын жана жаңы конуштардын жашоо-шартын жакшыртууну дагы көздөйт.

«Биз, шаар бюджетин көбөйтүү менен, шаардын инфраструктурасына жана социалдык тармактарына көбүрөөк каражат жумшайт элек. Борборду өнүктүрүү менен кийинки жылы салыктарды дагы көбүрөөк чогултууга шарт түзүлмөк», – деп белгиледи  Т.Сариев.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: