Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Бишкектеги транспорттордун орточо ылдамдыгы – 35 км/с.

Бөлүшүү:

Бишкектеги  транспорттук кыймылдын орточо ылдамдыгы орточо 35,1 км/с түзөт. Бул япон адистеринин иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы. Салыштырып көрсөк, дүйнөдөгү ири мегаполис Москвада орточо ылдамдык саатына 50 км.

Мунун башкы себеби – Бишкек шаарында автоунаалардын абдан көбөйүшү. Учурда 1 млн. шаар тургундарына 400 миң автоунаа туура келет.

Ар бир шаардагы жашоо ыңгайлуулугунун бирден-бир индикатору катары коомдук унаалардагы жол жүрүүнүн орточо ылдамдыгы каралат.

Белгилүү болгондой, Бишкектеги коомдук унаалар абдан жай жүрүшөт жана шаардын бир четинен экинчи четине жетүү үчүн бир сааттан ашык убакыт сарпталат. Мынчалык убакыт сарптагыдай борбор шаарыбыз анчалык көлөмдүү деле эмес.

Коомдук унаалардын мындай жай жүрүүсүнүн негизги себеби катары маршруткалардын көптүгүндө. Расмий эмес маалыматтарга ылайык, күн сайын шаар жолдоруна 5 миңге жакын маршруткалар чыгышат.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы шаар жолдорундагы транспорттун санын 10 эсе кыскартуу жолун сунуштайт. Ал 5 миң маршрутканын ордуна 500 автобусту ишке киргизүү.  

Бул долбоор ишке ашса, шаардыктар өздөрүнүн ден соолугуна жана коопсуздугуна кабатыр болбой, ыңгайлуу шартта үйлөрүнө жете алышмак. Мындан тышкары, жол тыгындары азайып, коомдук транспортто жүрүүнүн орточо ылдамдыгы дагы көбөймөк, деп белгилейт «Өнүгүү-Прогресс» партиясы.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: