Menu

Петербургда Орто Азиядан баргандарга кол салган топтун соту башталды

Бөлүшүү:

Санкт-Петербург шаардык сотунда Орто Азиядан баргандарга бир канча жолу кол салган жергиликтүү 19 баланын иши боюнча угуулар башталды. Алардын 2013-жылдын 12-июлундагы чабуулу жабырлануучулардын биринин өлүмү менен аяктаган. Топ эң чуулгандуу акциясын «Ак вагон» деп атап, метро вагондоруна кирип барып, «славян эмес көрүнүштөгү» адамдарды сабаган.

Тергөө аталган топту 2012-жылы петербургдук Андрей Колесников түзгөн деп эсептейт. Чынында анын аты Жемаль, теги араб, бирок националисттик көз караштарынан улам 2002-жылы ысымын Андрей деп өзгөрткөн. Топ жалпысынан 36 кылмышка айыпталууда.

Журналисттик иликтөөлөр агенттигинин директорунун орун басары Евгений Вышенков мындай топтордун жалпы белгиси жаштык, түркөйлүк жана коркоктук деп эсептейт. Айтымында, анткени алар дайыма топтошуп алып өзүн коргой албаган адамдарга кол салышат.

Вышенков сот жараянынын жабык режимде өтүшүн туура эмес деп эсептейт. Эгер шаардын жашоочулары менен меймандары экстремисттер тарабынан күн сайын сабоо же өлтүрүү коркунучуна дуушар болуп жашап жатса, анда алар кылмышкерлердин сотун көрүүгө укуктуу, деп билдирди ал.

Кылмыш кылган маалда 19 айыпталуучунун 14ү эрезеге жете элек болгон, ошондуктан судья сот жараянын жабык режимде өткөрүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: