Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети инвестор менен мамлекеттин ортосундагы укуктук теӊсалмакты сактоонго багытталган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө Макулдашуу долбоорун жактырды. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
Өкмөттүн маалыматына караганда, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 2015-жылы 247 млн долларды, ал эми 2016-жылдын 9 айында 199 млн долларды түзгөн. «247 млн доллар – жалпы көлөм. Анын ичинде экспорт – 84 млн доллар, импорт – 65 млн доллар. Биз Түркияга негизинен жашылча, буурчак, авиакеросин, учак тетиктерин экспорттойбуз.
Андан сырткары, эки өлкө ортосундагы баардык талаш-тартыштар Арбитраждык сот аркылуу чечиле турганы белгилүү болду. Ал үчүн эки тараптын катышуусу менен атайын жобо иштелип чыгууга тийиш.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ