Menu

Бакыт Төрөбаев: Мамкаттоо шайлоочулардын акыркы тизмесин берүүгө тийиш

Бөлүшүү:

«Мамлекеттик каттоо кызмат азыркы берилген шайлоочулардын тизмеси дагы да толуктала электигин билдирди.  Бул берилген тизмелерде мурунку кетирилген каталар эске алынып, жаңы түзүлүшү керек эле. Мамкаттоо башчысы кетирилген каталар боюнча отчет бериши керек», – деди «Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери, ЖК депутаты Бакыт Төрөбаев.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин токтому менен 2016-жылдын 2-ноябрында түзүлгөн депутаттык комиссия 11-декабрга карата түзүлгөн шайлоочулардын тизмесинде бир топ каталар кетирилген фактыларды табышкан.

Комиссия бир эле даректе ондон ашык адамдар катталгандыгын аныктаган. Ал эми айрым шайлоочулар ар кайсы шайлоо участокторунда катталып калган, бул жерде бир адам бир нече жолу добуш берет деген коркунуч бар.

“Бир шайлоочу – бир добуш” принциби сакталыш керек. Шайлоочулардын тизмесинин так, адилет жана ачык түзүлүшү – бул фальсификациясыз, таза шайлоолордун негизи.  Мамкаттоо шайлоочулардын тизмесинин оңдолгон акыркы вариантын шайлоого 3 күн   калгыча бериши керек. Ал эми ар кандай пикир келишпестиктер болбошу үчүн отчет дагы угулушу керек”,  – деди Бакыт Төрөбаев.

Анын айтуусунда, адилет жана таза шайлоолор өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдүн максаты болушу керек. Шайлоолордогу фальсификация коомчулуктун шайлоо жыйынтыгын тааныбоо аракеттерин күчөтөт. Таза шайлоо өткөрүүдө шайлоо процессинде колдонулуп жаткан жогорку технологиялар дагы жардамга келет деген ойдо.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: