Menu

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин президент Алмазбек Атамбаевге Кайрылуусу

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаевдин жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынына катышууну каалаган айрым маалымат каражаттарынын журналисттерин атайын катыштырбоосуна президент өзү кийлигишкенин Сөз эркиндигин коргоо комитети жана журналисттер кескин айыптайт. Президент мамлекет башчысы катары коом тарабынан айтылган сын пикирлерди көтөрө билип жана андан жыйынтык чыгарышы керек.

Тилекке каршы, президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн дарегине айтылган сын-пикирлерге теригип, өч алуу максатындагы кадамдарга барып жатат. Мисалга алсак, өткөн жылдагы жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында журналист Махинур Ниязова тарабынан президентке жакпаган собол алган үчүн журналистти кекетип, орой сөздөр менен басмырлаган. Быйыл аталган журналисттин маалымат жыйынына келүүсүнө чектөө коюп, катыштырбай койду.

“Фергана” сайтына президентти сынга алган макалаларды, сөз эркиндигине болуп жаткан кысым тууралуу көз карашын жарыялап келген журналист Улугбек Бабакулов дагы маалымат-жыйындан четтетилди.

Акыркы убакта президент Алмазбек Атамбаевдин мыйзамсыз аракеттерин, ага айтылып жаткан айыптоолорду чагылдырганы үчүн “Сентябрь” телеканалынын журналисттерин, атап айтканда Болот Абдыжапаровду президент өзүнүн маалымат жыйынына атайын катыштырбай койгонун жыйында өзү да мойнуна алды. Эгер сизде адилеттүүлүк деген болсо акыйкатты айткан журналисттерди маалыматтык жыйыныңызга катыштырбай коюунун ордуна алардын сизге койгон өтө олуттуу дооматтарына эл алдында жооп бермексиз. Ал дооматтар турганда сиз бир да күн Президент болуп олтурууга укугуңуз жок деп эсептейбиз.

Урматтуу президент мырза!

Сиз, мамлекет жетекчиси катары баарына калыс карап, ынтымакка чакыра турган сөздү айтып, көсөм болушуңуз керек эле. Бирок, дайыма журналисттерди экиге бөлүп, эл душманы атап, ал тургай алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө шек келтирип сүйлөйсүз. Бул сиздин айкөлдүгү жок, төмөн деңгээлге түшүп, жеке өчүңүздү алууга гана жөндөмдүү пенде экениңизден кабар берет.

2010-жылдагы революциядан кийин сөз эркиндиги болот деп ишеним артканбыз. Ал ишенимди өчүрүп, өзүңүз журналист Дайырбек Орунбековду 2 000 000 сом доого жыгып, эми каматкыңыз келип жатат. Сиздин айланаңыздагы мамлекеттик чиновниктер журналист Уран Ботобековду 1,8 млн сомго доого жыгып, куугунтукка алды. “Вечерний Бишкек”  басылмасын жана ОшТВ телеканалын рейдерлик жол менен тартып алышты. КТРК, ЭлТР, “Пирамида”, “5-канал” сыяктуу коомдук же мамлекеттик ММКларды бир гана бийликтин сөзүн сүйлөгөн бир жактуу бийликчил маалымат каражаттарына айлантты. Сиздин режим учурунда оппозициялык көз караштагы журналисттер Турат Акимов, Булат Сатаркулов, Шайырбек Маматокторовдорду белгисиз кылмышкерлер сабап кетишти жана ал кылмыштардын бети ачылган жок. Натыйжада Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингдерде быйыл, 2016-жылы “басма сөз эркиндиги жок” өлкөлөрдүн катарына кирди.

Акыркы жылдарда сизге жана сиздин саясатыңызга лоялдуу болуп келген кадыр-барктуу “Азаттык” радиосун “АКШнын Мамлекеттик департаментинин тапшырмасы менен Президентти жана КСДПны каралап жатат” деп жыл сайын негизсиз айыптап келесиз.

Журналисттерден обьективдүүлүктү талап кылган учурда эмне үчүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бийликке жакпаган адамдарды бир жактуу каралоо менен алектенген ММКлардан, мисалы, КТРКдан да ошону талап кылбайт?

Биз, төмөндө аты аталган журналисттер жана активдүү жарандар журналисттерге карата кылып жаткан адилетсиз саясатыңызды тизгиндөөгө чакырып кайрылабыз

1.Бейшенбек Бекешов

2.Нарын Айып

3.Сурат Жылкычиев

4. Замира Сыдыкова

5.Бегалы Наргозуев

6.Равшан Жээнбеков

7.Гульмира Тыналиева

8.Канышай Мамыркулова

9.Элнура Кулуева

10.Семетей Талас уулу

11.Зулпукаар Сапанов

12.Эрнис Кыязов

13.Болот Абдыжапаров

14.Сапарбек Аргымбаев

15.Бурул Усманалиева

16.Шайырбек Абдырахманов

17.Турсунбек Бейшенбеков

18.Алтынай Ормотоева

19.Мамат Сабыров

20.Дилбар Алимова

21.Тимур Саралаев

22.Адиль Турдукулов

23.Дайырбек Орунбеков

24.Темирлан Бекботоев

25.Клара Сооронкулова

26.Тынчтыкбек Алтымышов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: