Menu

Атамбаев башка партияларды айыптап жүрсө КСДП Жалал-Абадда шайлоо мыйзамын одоно бузгандыгы аныкталды

Бөлүшүү:

Кечээ, 2-декабрда Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы бир нече партиянын КСДП партиясынын шайлоо өнөктүгүндөгү мыйзам бузуулары боюнча жазган арызын карап чыгып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоосуна катышып жаткан партиялардын ичинен КСДП өтө одоно мыйзам бузуп жаткандыгын аныктады. КСДП партиясынын БШК тарабынан бекитилген тизмеси КР шайлоо мыйзамына каршы келет. Эми, КСДП мыйзам боюнча шайлоо өнөктүгүнөн чыгарылышы керек.

“Ата журт”, “Ата Мекен” жана “Өнүгүү” партиялары жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодогу КСДПнын талапкерлерин көрсөтүүдөгү мыйзам бузууларын таап чыгышкан.  Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы КСДПнын талапкерлерин тактабай, жыйынтыгында мыйзам бузуулар болгон. АШКнын төрайымы Б. Нуралиева өзү жазган түшүнүк катында “Чынында КСДПнын талапкерлерин карап жатканда чарчап калып, карабай эле өткөрүп жибергемин”,- деп жазып берген.

Расмий бекитилип, эми өзгөртүлбөй турган тизмеде эркектер 73%, ал эми аялдар 27% ды түзүп калган. Мыйзам боюнча бир жыныстагы талапкерлер тизменин 70%ынан ашпаш керек же бир жыныстагы талапкерлер 30%дан кем болбошу зарыл. Бул норма боюнча Алмаз Атамбаев дайыма башка партияларды айыптап келет, көрсө андай мыйзам бузуу бир гана КСДПда бар экен.

Жыйында Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын дээрлик бардык мүчөлөрү тең, СДПК партиясынын тизмесин жокко чыгарууга жана СДПКны шайлоодон четтетүүгө добуш беришти. Учурда Жалал-Абад шаарык аймактык шайлоо комиссиясынын чечими БШКга жөнөтүлдү. Боршайком чечимдин мыйзамдуулугу боюнча өз баасын берери күтүлүүдө.

11-декабрда өтө турган Жалал-Абад шаардык кеңешинин шайлоосуна 7 партия ат салышууда. Шаардык кеңеште 31 депутаттык орун бар.

Учурда бизге жеткен жеткен маалыматтарга караганда КСДП күч колдонуу менен мыйзам бузганына карабай шайлоого катышуу үчүн тизмени калыбына келтирүүгө аракет көрүп жатыптыр. Бийликчил КСДПнын мындай кадамдарына саясатчылар мындай көз караштарын билдиришти:

 Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өнөктүгүндө  мыйзам бузуулар катталыптыр. Бирок, бизге жеткен маалыматка караганда КСДП күч менен кайра калыбына келтирип, шайлоого катышууга ниеттенип жатыптыр. Буга кандай көз караштасыз?

Ахматбек Келдибеков, Жогорку Кеңештин экс-төрагасы: “КСДП мыйзамды бузса аларга укуктук баа берилиши керек!”

– Мыйзам баарына бирдей жана аны аткарууга милдеттүүбүз. Эгер, КСДПнын талапкерлерин каттоодо  одоно мыйзам бузуулар такталып, ал аныкталганына карабай  катышууга бел байлап, күч колдонуп жатканы анык болсо, анда ал шайлоону мыйзамдуу деп айтууга болбойт. Мындай жыйынтыктан кийин референдум таза өттү деп айтууга болбойт. Баардыгы мыйзам чегинде каралышы шарт. Анан аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн мажбурлап кайрадан калыбына келтирсе, анда бул шайлоо – шайлоо эмес болот, референдум – референум эмес болот. Ошон үчүн мыйзам чегинде укуктук, адилеттүү баа берилиши керек.

Камчыбек Ташиев, экс-депутат: “Мындай мыйзам бузуулар менен өткөн шайлоонун кимге кереги бар?”

-Кыргыз Республикасынын Конституциясында ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу деп турат. Ошого улай Кыргыз Республикасынын ар бир жараны бирдей укукта экендиги да белгиленген. Эмне үчүн КСДП партиясына өзгөчө, башка партияларга бөлөкчө мамиле жасалышы керек?! Мындай мыйзам бузуулар менен өткөн шайлоонун кимге кереги бар? Же бийликтин КСДП партиясына мыйзамда өзүнчө өбөлгөлөр түзүлгөнбү? “Ата Журт” партиясы шайлоого катышып жатышкан башка да партияларга кайрылабыз. Мындай мыйзам бузууларга чогуу каршы турууга, мыйзам үстөмдүгүн колдонууга чакырабыз.

Адахан Мадумаров, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы: “Бийлик десе мыйзамды да аттап кеткен арсыздыкка жол бербешибиз керек”

-КСДП партиясынын мындай одоно мыйзам бузуу менен шайлоого баратышы өтө одоно көрүнүш деп эсептейм. Биз кайра эле эски тейибизге түшүп, бийлик десе мыйзамды да аттап кеткен арсыздыкка жол бербешибиз керек деп ойлойм. Төмөнкү документтер борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлүптүр. Эгер БШК мындай көрүнүштөргө көз жума турган болсо, анда бул өтүп жаткан шайлоо, керек болсо референдум мыйзамсыз деп табылат.

protokol-zha-ashk

protokol-zha-ashk2

protokol-zha-ashk3

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: