Алмаз Атамбаев кыргызстандыктарды Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдык тарыхый күнү менен куттуктады.
«Урматтуу мекендештер!
Мындан 80 жыл мурда – 1936-жылы 5-декабрда Кыргыз ССРи союздук республика катары СССР курамына кирген бул күн мамлекеттүүлүккө карай улуу бурулуш болгон. Кыргыз эли мамлекеттүүлүгүнө карай миңдеген жылдарды басып өткөн.
XX кылымда кыргыз мамлекеттүүлүгү эң оор сыноолорго дуушар болду – 1916-жылы элдик көтөрүлүштүн жана Үркүндүн аркасынан чакан элибиздин бир бөлүгү жок болду. Совет бийлигинин орношу менен элибиздин тарыхый жолу жаңы нукка бурулду. 1924-жылы 14-октябрда РСФСР курамында Кара-Кыргыз автоном облусу, 1926-жылдын 1-февралында Кыргыз АССРи түзүлдү. 1936-жылы 5-декабрда СССР Конституциясы кабыл алынган күндөн тарта Кыргыз ССРи жаралып, СССР курамына тең укуктуу союздук республика катары кирди.
XX кылым соңунда Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаңы тарыхы башталды. СССР урагандан кийин 1991-жылы Кыргыз Республикасы өз алдынча эгемен мамлекет болуп калды. Андан бери өлкөбүз кайрадан чоң сыноолордон өтүп жүрүп отурду, 2005- жана 2010-жылдары элдик ыңкылаптарды башынан кечирип келип, акылман жана намыстуу элибиздин аракети менен мамлекетибизди сактап гана калбастан, өнүгүү жолуна бура алдык.
Алдыда өлкөбүздү өнүккөн өлкөлөр катарына жеткирүү милдети турат. Бул үчүн бизде жетиштүү ресурстар бар. Бул – биздин билимдүү жана намыстуу адамдарыбыз. Бул – биздин калкыбыздын басымдуу көпчүлүгүн жаштар түзгөндүгү. Бул – биздин жаратылыш байлыктарыбыз.
Мамлекетибиздин маарекеси кут болсун, өлкөбүздүн өркүнү өссүн! Жараткан элибизге ынтымак жана биримдик, жергебизге тынчтык жана береке берсин!”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ