Адам болгон соң ар ким ар кандай көз менен карап, ар кандай сөз менен талдайт тура. Бирок, ар качан эле артынан жакшы сөз ээрчиген адамдар оголе аз. Өзгөчө айымдарды сынга алып, ал адам коомдук, саясый ишмер болсо ийне-жибине чейин талкуулап жатып калабыз. Маселен, Жргорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова тууралуу ар пикирлер айтылып келет. Албетте, жакшы жагында. Чын-чынында Гүлкан Сакиновна бийик адамгерчиликтүү адам, ал эми айым катары өз заманын мыктысы. Тарыхка кайрылсак, Жаңыл мырза, Курманжан датка, Уркуя Салиева өңдүү өз заманынын мыктылары болгон айымдар бар. Гүлкан айым да мына ушул даңазалуу апаларыбыздай тарых барактарында татыктуу атын жазып калтыраарында шек жок.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ