Европа биримдиги Ош, Кара-Суу жана Чолпон-Ата шаарларында суу менен камсыздоо системаларын жакшыртууга жана инфраструктураны жаңылоого 11 миллиондон ашуун евро бөлөт.
Евробиримдиктин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн билдиришинче, түштүк калаага бөлүнө турган гранттык жардамдын көлөмү 4,75 миллион еврону түзөт. Каражат суу тазалоочу объектилерди жаңылоого, насостук станцияларды оңдоого жана бир катар райондордо суу өлчөй турган эсептегичтерди орнотууга жумшалат.
Чолпон-Ата шаарында донорлордон, анын ичинен ЕБдан келчү 3,1 миллион еврого суу чарбасынын маанилүү объектилери, суу тосмолору, суу куурлары жаңыланат, андан тышкары атайын жана ремонттук техникалар сатылып алынат.
Евробиримдик грантты ЕБнын Борбор Азия үчүн инвестициялык фондунан (IFCA) бөлүүдө. Каражат каржылоонун башка булактары менен бирге комплекстүү түрдө колдонулат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ