Франциянын премьер-министри Мануэль Вальстын өлкө президенттигине талапкерлигин көрсөтөрү күтүлүүдө. Өкмөт башчынын канцеляриясынан билдиришкендей, ал шайлоого катыша тургандыгы жөнүндө бүгүн кечинде билдирүү жасайт.
Бийликтеги Социалисттик партиядан расмий талапкер болуу үчүн Вальс январдагы праймеризде жеңишке жетиши керек болот.
Анын атаандаштарынын арасында азыркы президент Франсуа Олланд жок: ал өткөн аптада экинчи мөөнөткө талапкерлигин коюудан баш тарткан.
Сурамжылоолорго ылайык, Вальс эң популярдуу социалист-саясатчы, анткен менен учурда анын рейтинги 10 пайыздан ашпайт. Ал оңчул «Республикачылардан» талапкер Франсуа Фийон менен ультраоңчул Марин Ле Пенден гана эмес, өз алдынча талапкер катары чыгып жаткан мурдагы министр Эммануэль Макрондон да артта калууда.
Францияда президенттик шайлоо 2017-жылдын апрелинде болот.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ