Бишкек мэриясы Жеңиш аянтындагы “Өчпөс отко” картошка бышыргандар боюнча милицияга кайрылды. Маалыматка караганда, 29-ноябрда жаш уландар аталган жерде картошка бышырганы тартылган видео тараган.
Калаа жетекчилиги элде терс маанай жараткан бул окуяны иликтөөнү суранып күч органдарына кайрылган. Тасмадагылардын тек-жайын аныктоого Свердлов райондук милициясы киришти.
“Өчпөс от” Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун элесине орнотулган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ