Menu

Жарандар мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды ички иштер органдарына өткөрүп берүүгө тийиш

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште коомдогу коопсуздукту сактап, адам өмүрүнө, саламаттыгына кам көрүү максатында иштелип чыккан “Курал” жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбооруна ылайык, өлкөнүн жарандары же чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар таап алган же аларда мыйзамсыз сактоодо турган куралдарды жана патрондорду акы алып же бекер өз ыктыяры менен тапшырууга болот. Аларга куралдын көлөмү, сапаты, чыккан күнүнө жараша акы төлөнүп берилмекчи.

Өз менчиги болбогон же таап алган ок атуучу куралды сактоого жана пайдаланууга тыюу салынат, алар ички иштер органдарына өткөрүлүп берилүүгө тийиш. 2010-жылдагы окуяларга байланыштуу 1190 курал жоголсо, 232 курал кайтарылып берилди, учурда 633 курал издөөдө турат. Ошондой эле, ички иштер органдары тарабынан 39835 аӊчылык куралын колдонууга уруксат берилген. Андан тышкары, чет өлкөлүк жарандарга 157 тапанча сый катары тартууланган.

«Ошондой эле, 1621 тапанча белекке тартууланган. Милиция органдарында катталбаган куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берген адамдарга сыйакы каралган. Мисалы, гранатамет менен пулеметторго – 16 миӊ сом, автоматка – 9600 сом, тапанча же мылтыкка – 6400 сом, обрезге (чолок мылтык) – 3200 сом», – деди ИИМ өкүлү.

Белгилей кетсек, жакында азыркы депутат, мурдагы ички иштер министри Бакирдин Субанбеков кезинде сый катары тартууланган курал-жарактарын ички иштер органдарына тапшырды. «Азыр эми аларды сактоонун деле зарылдыгы жок болуп калды, албетте, анын коопсуздук жагы да бар», – дейт ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: